Суулук (купальниктин) эволюциясы: кийинкиси кандай болот

Азыр Интернетте ондогон жылдар аралыгында мода кандай өзгөрүп жатканын көрсөткөн видеолор жыкжыйма. Эми кезек суулукка (купальник) жетти. Айымдардын сууга түшүү үчүн кийими 1890-жылдан бери кандай өзгөрүүгө дуушар болгонун көрсөк болот. Видео чындап кызыктуу, башында дене башка көздөрдөн максималдуу жабык болсо, кийинчерээк баары ачык болуп калганын көрөбүз.