Балдарына смартфон карматпоонун каардуу ыкмасын энеси ойлоп тапты

Жүрөктүн үшүн алган заставка гаджеттердин кичинекей сүйүүчүлөрүн смартфон кармоодон баш тартууга мажбур кылат.

Каардуу, бирок иштеген ыкманы Таиланддын жашоочусу ойлоп тапты. Ал болгону телефондун заставкасына “Игры престолов” сериалындагы Түндүн Королу каарманынын сүрөтүн коюп койгон.

– Менин балдарымда телефонго болгон көз карандылык пайда болду. Мен экрандын заставкасын гана алмаштырып койдум, эми алар колуна алгандан коркуп жатышат, – деп түшүндүрдү ал.

Балдарга телефон карматуу аракети алардын ыйы менен коштолуп жатат. Улуураак кызы тынч реакция кылып жатат, бирок телефонду колуна алууга даап барган жок. Бирок, көп өтпөй энеге дагы бир ыкма ойлоп табууга туура келет го, себеби, кичине чоңойгондо мындай нерсеге деле көнүп алышса керек.

Көпчүлүк колдонуучулар комметарийде, аялдын мындай педагогикалык ыкмасын айыптап жатышат жана традициялык ыкманы колдонууга кеңештерин да берип кетишти, мисалы кичине уруп кой дешет.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.