Күйөөсү аялы менен ойношуна бир курортко жолдомо алып берди...

Аялы үйүнө кайтып келди: укмуштай таасир калган экен, сүрөттөрү жайнайт. Күйөөсүнө көрсөтүп жатат:

— Бул Люба, аны менен бир бөлмөдө жашадык, бул Света — аны менен бир столдо тамактандык.

Сүрөттөн ойношун көргөн күйөөсү: — Бул ким? — А, бул Ленка, аягы суюк аял экен. Мейманканада бир күн да түнөгөн жок, күндө жаңы эркек менен...

Күйөөсү унчукпай баарын жутуп алды. Бир нече күндөн кийин ойношу менен жолукту. Анын да толгон сүрөтү бар экен. Көрсөтүп баштады.

 

Аялынын сүрөтүнө кезек жеткенде сурады: — Бул ким? — А, бул Таня. Ушундай бир жакшы аял экен!

Биз аны ресторанга да, көңүл ачканга да, паркка да, шашлыкка да чакырдык. Такыр макул болбой койду. Күйөөсү менен кандай келсе, ошо бойдон жанынан чыккан жок. Бир кадам да чыккан жок!!!

Facebook барагыбызга жазылыңыз