Адамдын денеси тууралуу таң калтырган 11 кызыктуу факт

Эгерде сиз денеңиз тууралуу баарын так билем деп ойлосоңуз, анда бүгүн көптөгөн таң калыштуу нерселерди таба аласыз. Ишенип коюңуз, сиз билбеген көп паззлдар бар. Жыл сайын илимпоздор улам-улам ачылыштар жасап жатышат, демек адам денеси дагы деле толук изилденип бүтө элек.

Төмөндөгү, адамдын денеси жөнүндөгү 11 укмуштуу фактылар сизди кайдыгер калтырбайт

Алардын кайсынысы сизди таң калтырды? Бизге комментарийде айтыңыз!

 

1. Канчалык көп өбүшсө тери ошончолук жылмакай болот

Адамдын денесинде 640тан ашуун ар кандай булчуңдар бар, алардын төрттөн бири бетте. Жылмайганда, сиз 17 булчуң тобун иштетесиз жана өбүшүү менен - 29дан 34кө чейин иштейт. Булчуңдардын тонусун сактап калуунун алдын алуунун бирден бир жолу, макулсузбу?

2. Теринин өзүнүн сезүү "органы" бар

Бул сезгич рецепторлор ийне сайдыруудан же шоктон улам пайда болгон ооруга реакция кылат. Ал ретикулярдык катмарды түзгөн глиалдуу клеткалардан турат. Окумуштуулардын айтымында, эгерде аны блоктоп салса, тери ооруга анчалык катуу реакция кылбайт. Бул ачылыш адамдагы өнөкөт ооруну дарылоо жолун өзгөртүшү мүмкүн.

3. Акыл азуулар картайганга чейин да өсө берет

Акыл азуулар узак убакыт уйкуда болушу мүмкүн жана каалаган бир убакта жарылышы мүмкүн. Мисалы, Гиннестин рекорддор китебинде «алдамчы» сегиз тиш 94 жаштагы эркек адамга чыккан учуру катталган. Албетте, сөзсүз андай болот дегендик эмес. Негизинен акыл азуулар өспүрүм куракта чыгат, 20 жаштан кийин чыкканы анча көп эмес. Бирок, алар такыр чыкпаган бактылуу адамдар да бар.

 
4. Тамандын узундугу чыканактан алакандын башына чейинки аралыкка барабар

Буттун узундугун билүү үчүн, аны сызгыч же сантиметрдик лента менен өлчөөнүн кажети жок. Чыканактын ичинен билекке чейинки аралыкты өлчөө жетиштүү. Бул эрежени Леонардо да Винчи Витрувиялык адам жөнүндөгү чыгармасында жазган.

5. Уйку келе берүү - бул оору

Дайыма уйкусу келген жана уйкусу канбаган адамдын үстүнөн күлүп коюшуңуз мүмкүн, бирок чындыгында алар нарколепсия менен ооруган болушу мүмкүн. Адам күнүнө бир нече жолу каалаган убакта уктап калат. Мындай адамдарда жай уктап калуу болбойт, уйкуга өтө тез кетишет. Ошондуктан алар ойгонгондо, сергектикти сезишпейт. Бактыга жараша, планетада адамзаттын 1% гана нарколепсия менен жабыркайт.

 
6. Киндикке тийсе, заара кылгысы келет

Доктор Кристофер Холлингсворттун айтымында, киндикке тийсеңиз, аны басыңыз же манжаңыз менен кытыгылап койсоңуз, ич көңдөйүндөгү нерв жипчелери жүлүнгө, ал жерден уретрага жетет. Аны өзүңүз текшерип көрсөңүз да болот.

7. Чыканакты уруп алганда, чыканак нерви кысылып калат

Ар бирибиз кеминде бир жолу чыканакты уруп алып, дене ток ургандай сезимде болгонбуз. Сөөктү уруп алдым деп ойлонуу жаңылыштык. Чындыгында, тери менен сөөк кыртышынын ортосунда жайгашкан чыканак нерви кысылып калат. Чындыгында, аны эч нерсе коргобойт жана өзүнө келген соккунун баардыгын өзүнө алат. Бактыга жараша, оору тез эле өтүп кетет.

 
8. Бетиңиздеги бырыштар сиз жөнүндө көп нерселерди айтып берет

Сизде пайда болгон сезимдер, беттеги ар кайсы булчуң топторун кыймылга келтирип, бетиңизде чагылдырылат. Окумуштуу Иван Сикорский белгилүү бир сезимдерге жооп берген мимикалардын атайын классификациясын иштеп чыккан. Анын теориясына таянсак, көздүн айланасындагы булчуңдар психикалык көрүнүштөрдү, ооздун айланасында - күчтүү эрк мүнөзү жөнүндө айтат ж.б.

9. Ички туюмдарды гормон козгойт

Будильниктин коңгуроосу кагылганга чейин бир нече секунд мурун ойгонсоңуз керек? Сиз уктап калуудан коркуп, натыйжада эрте турасызбы? Бардыгына тааныш кырдаал. Мунун бардыгы адренокортикотроптук гормондун "табигый ойготкуч" функциясын аткаргандыгы белгилүү болду. Анын аркасы менен, организм ойгонуу учурунда стресске аз кабылат.

 
10. Супер эс тутумду үйрөтсө болот

Албетте, укмуштуудай эс тутумга ээ, көптөгөн сандарды эстей алган адамдар, сизди бир эле учурда суктандырып да, таң калтырса да керек. Эгер бул мүмкүн эмес же табигый белек деп ойлосоңуз, анда жаңылышасыз. Супер эс тутуму бар адамдар жок. Алар жөн гана ар кандай ыкмаларды колдонуп мээлерин машыктырышат. Эс тутум боюнча дүйнөнүн үч жолку чемпиону Алекс Муллен белгилегендей, ал табигый жөндөмсүз, жөнөкөй эле адам, болгону күн сайын эс тутумун машыктырат. Баса, окумуштуулардын айтымында, ар бир адамда мындай жөндөм бар.

11. Аялдын жумуртка клеткасы - организмдеги эң чоң клетка

Ал адам денесиндеги эң кичинекей клетка болгон сперматозоидден 600 эсе чоң.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.