Айымдардын бети 20, 30 жана 40 жашта кандай өзгөрөт

03 июл, 2022

Билесизби, жыл өткөн сайын сиздин тери өзгөрөт жана беттин формасы да башкача боло баштайт. Бактыга жараша, сиздин терини колдон келишинче узакка жаш көрсөтүүчү каражаттар жана ыкмалар бар. Биз бүгүн экинчи, үчүнчү жана төртүнчү он жылдыкта бетиңиз менен кандай өзгөрүүлөр болоору жана бул жаштык өзгөрүүлөргө кандай кам көрүү керектиги тууралуу кеп салабыз.

Өзгөрүүлөрдөн качып кутула албайбыз. Башкысы – бетке туура кам көрүү керек!

20 жашта: коллаген сиздин терини чың сактап, ага саламат түр берип турат. Көпчүлүк айымдарда бул жашта дагы эле бетке чыккан безеткилер көйгөйү болот. Мындай учурлар болсо сиз В3 витаминин кабыл алышыңыз керек. Ошондой эле күн нурунан коргоочу кремдерди да унутпаңыз. Жаш кезиңизде бет териңизге кандай жакшы кам көрсөңүз, улгайган кезде анын үзүрүн көрөсүз.

 

30 жашта: кан тамырлардын өзгөрүшү менен жана күн нуру калтырган тактардын айынан бет терисинин жылмакайлыгы жоголо баштаган көрүнүшү байкала баштайт жана ал көйгөй түзөт. Ошондой эле көздөрдүн ортосунда сызыктар пайда болот. Эгер жаш кезде туура эмес жашоо образын өткөргөн болсоңуз, тамеки чегип же спирт ичимдиктерин көп ичкен болсоңуз, анда 30 жашта эмнеге бетте көп бырыш пайда болду деп таң калбай эле коюңуз.

Бул он жылдыкта, жаш кезиңизде кетирген катачылыктарыңыз бетиңизден көрүгө баштайт. Бет кырдуу болуп калат. Ошондой эле чекеде пайда болгон тактар, гиперпигментация көйгөйүнө жолугушуңуз мүмкүн.

Мунун келип чыгышынын себеби, сиз көп убакыт күн нуру астында өткөргөнсүз жана териңизди туура коргогон эмессиз. Меланодермия кош бойлуулуктун натыйжасынан да болушу мүмкүн. Эгер сиз кош бойлуу болсоңуз, же эмчек эмизсеңиз, ретинолдон алыс болуңуз.

 

40 жашта: сиздин териңиз кургак боло баштайт, ошондуктан бырыштарыңыз эми так көрүнө баштайт. Сиз тери астындагы майларды ылдам жогото баштайсыз. Бардыгы, беттен жел чыгып калгандай көрүнө баштайт. Мурундун жогорку бөлүгү ылдый түшүп, жыйынтыгында, вертикалдык бырыштарга жардамга горизонталдык бырыштар келет.

 

Сизге терини нымдаштырган кремдер жардамга келет. Анын курамында гиалурон кислотасы бар, ал терини агартып жана күңүрт тактарды азайтат.

Жыл өткөн сайын айымдардын бет терисин мына ушундай өзгөрүүлөр күтүп турат. Бул өзгөрүүлөрдөн качып кутула албайбыз, бирок максималдуу жаш көрүнүү сиздин гана колуңузда. Башкысы – бетиңизге дайым кам көрүңүз!

Биз жаңы каналга көчтүк. Кнопканы басып, биздин каналга жазылыңыз! Биздин макалалардан артта калбаңыз!

 
706
574
419
751
419
999
764
471
552
537
433
93