
Спортзалга барууга, диетага отурууга моюнуңуз жар бербей жатабы.
Билинбестен арыктоонун алты жолуна көңүлүңүздү бурууну сунуштайбыз.

Ичимдиктен баш тартыңыз. 1 литр таза спиртте (96%) 7000 ккал бар. Демек, суусундуктун ар бир граммы - 7 ккал. Зыяны жок деген жүз грамм кургак винодо 8-10 градус спирт бар - бул 56-70 ккал. Бир бокалда 250 грамм вино бар болсо - 140-170 ккал. Ошентип суммасында, эгер ичпесеңиз, бир күндө минус 500 ккал.

Жөө басуу - өтө эффективдүү. Калория короткондугу боюнча степ-аэробика менен машыкканга барабар. Дагы жакшы жери, жамбашыңыздын фигурасын жакшыртат.

Эгер сиз булочка же шоколад көрүп жегиңиз келип баштаса - бул организмге керек дегендик эмес. Жон гана адамдын мээси, организмдеги эң эгоист орган болуп эсептелет жана баарынан глюкозаны жакшы көрөт. Ошондуктан сизд жардамчылар катары - майсыз быштак, тоок эти жана балыкты тандаңыз.

Жумушта жок дегенде саатына бир жолу 5-10 мүнөт компьютерден туруңуз. Отурган организм саатына 0,9 ккал сарптайт, ал эми туруп турганда эки эсе көп. Эгер басып турсаңыз, анда үч эсеге көбөйөт. Эгер саат сайын 5-10 мүнөт компьютерден турсаңыз, анда күнүнө 240 -250 ккал сарптайсыз.

"Бир кашык" эрежеси аябай пайдалуу. Тамак жеп жатканда болгону бир кашык тамакты жебей калтырып коюңуз. Аз көрүнгөнү менен, эгер ойлонсок, 3 тамактан турган түшкү тамак, плюс эртең мененки жана кечки тамактар, суммасында отрочо алганда күндүзгү рациондон минус 100-150 кал.

Көп убакта чаңкасаң ачка болгондой сезилет, ал эле эмес башты оорутат. Бир күндө бир жарым литр суу ичиш керек экенин эсиңизден чыгарбаңыз. Ошентип, сиз, калориядан да, баш оорудан да кутуласыз.