Cүрөтчү, адамдын 31 фобиясын жүрөк түшкүдөй сүрөттөр менен чагылдырды. Көрсөң үрөйүң учурат

Баарыбыздын эле корккон нерселерибиз бар, бир нерседен катуу корксок, бир нерседен чочулап турабыз. Кээ бир адамдардын коркуу сезими өтө катуу өнүгүп, фобияга айланып кетет – трипофобия, арахнофобия, никтофобия жана башкалар. Көпчүлүк үчүн бул аттар эч нерсе айтпайт жана бул коркуунун масштабын түшүнө беришпейт. Сүрөтчү Шон Кросс бул көйгөйгө коомчулуктун көңүлүн буруу максатында көп жолуккан фобияларды кагазга түшүрүп чыкты. Сизге жеткире алдыбы – аны өзүңүз чечесиз!

 

 

1. Клаустрофобия — тар жана жабык мейкиндиктен коркуу
2. Атазагорафобия — унутулуп калуудан же тоотпой коюудан коркуу
3. Трипанофобия — укол, ийне жана шприцтен коркуу
4. Хронофобия — убакыттан коркуу
5. Арахнофобия — жөргөмүштөрдөн коркуу
6. Никтофобия — караңгыдан коркуу
7. Токофобия — төрөттөн коркуу
8. Агорафобия — ачык эшиктен жана көп адамдын чогулганынан коркуу
9. Тафофобия — тирүүлөй көмүлүп калуудан коркуу
10. Коулрофобия — клоундардан коркуу
11. Скопофобия — күлкүлүү болуп калуудан жана бирөөнүн тиктеп туруусунан коркуу
12. Филофобия — сүйүп калуудан коркуу
13. Экклезиофобия — чиркөө, мечиттерден коркуу
14. Херофобия — көңүл ачуудан коркуу
15. Эйсоптрофобия — күзгүдөн жана анда өзүнүн чагылышынан коркуу
16. Кенофобия — чоң бош мейкиндиктен коркуу, мисалы бош бөлмө же адамдар жок аянт
17. Аутоматонофобия — мом куурчактардан, манекенден жана башка адамдын муляждарынан коркуу
18. Трипофобия — майда тешиктердин топтомунан коркуу
19. Эпистемофобия — жаңы билим алуудан коркуу
20. Некрофобия — өлүктөн жана аза күтүүдө колдонулуучу шаймандардан коркуу
21. Апотемнофобия — ампутациядан коркуу
22. Педиофобия — куурчактардан коркуу
23. Пирофобия — оттон, өрттөн коркуу
24. Сомнифобия — уйкудан коркуу
25. Талассофобия — океан менен деңизден коркуу
26. Эметофобия — кусуудан коркуу
27. Гилофобия — бак менен токойдон коркуу
28. Офидиофобия — жылаандан коркуу
29. Бленнофобия — былжыр нерседен коркуу
30. Фазмофобия — арбактардан, үй коруучудан жана башка мистикалык жандыктардан коркуу
31. Вербофобия — сөздөн коркуу

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.