Зордукчу зордуктоого курмандыгын кайсы критерийлер менен тандайт!

Журналисттер түрмөдө отурган зордукчулар тобу менен маек куруп, мүмкүн болгон  курмандыгын кантип, кайсыл критерийлери менен тандай тургандыгы тууралуу билишкен.

Төмөндө бизди таң калтырган бир нече факт:

 

1. Зордукчу эң биринчи жабырлануучунун чач жасалгасына көңүл бурат. Артка байланган, түйүлгөн, өрүлгөн жана башка ушул сыяктуу кармаганга оңой болгондордун артынан ээрчийт. Жайып алган узун чачтууларды дагы. Эркектикиндей болгон кыска чачтууларга сейрек тийишет.

2. Экинчи көңүл бурчу - кийим. Зордукчу кийимди оңой жулуп алганга болчусун тандайт. Көбүнчө зордукчулар кайчы алып жүрүшөт.

3. Телефон менен сүйлөшүп бара жаткандарга, сумкасын казып жаткандарга же бир нерсе менен алек болуп жаткандарга асылат, себеби камынтпай кол салып, баса калганга болот.

4. Көбүнчө супермаркеттин автоунаа токтотуучу жайларынан, офистен, коомдук ажаатканалардан уурдашат.

5. Негизи баса калып, эч ким көрбөгөн жерге бат сүйрөп барганга аракет кылышат.

6. Кандайдыр каршылык көрсөтүп коргонгондорду кое берет, тынчтандыруу көп убакытты алып ашыкча көңүл бурдурушу мүмкүн. Көбүнчө кыздар коркуп унчугушпайт, кайрымдуу болот деп ишенет.

7. Ошондой эле колунда кол чатыры же зордукчуну алыс аралыкта жолотпой кармай турган буюму барларга жолошпоорун айткан.

Башкысы, алардын убактысы жана аракетти текке кете турганын түшүнгөндөй кылыш керек.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.