Жыныстык катнаш канчалык узак сакталса, узак жашоого ошончолук жакшы!

Эгер сенин биринчи айызың 12 жаш же андан кийин келсе, анда 90 жашка чейин жашашың мүмкүн! Мындай тыянакты Калифорния медициналык университетинин окумуштуулары айтышты.

Изилдөө учурунда, биринчи айызы 12 жаштан 15 жашка чейинки аралыкта келген айымдар өнөкөт ооруларга көп кабылбастыгы, жаман адаттарга азыраак жолугаары жана узагыраак жашаары маалым боолгон. Эмне менен байланышы бар – айтышка оор. Бирок...

 

Айымдардын ден соолугу менен узак жашоосунун бир нече сыры бар. Көрсө, тукум куучулук эле эмес, жашоо образы жана жаман адаттары да узак жашоого таасир берет экен.

Менопаузанын келиши менен жыныстык катнаштан баш тартуу айымдарга терс таасирин берет. Anan.kg жашоонун мындай оор учурунда жыныстык катнаштан эмнеге баш тартпоо керектигин айтып берет.

“Сүйүү жаш-карысын карабайт...” Интимдик жакындык тууралуу сөз болуп жатканда бул сөздөрдүн мааниси барбы? Өзгөчө жаш 50дөн ашып калганда. Климакс – айымдардын жашоосундагы оор мезгил. Жыныс бездеринин түгөнүшү менен интимдик жашоодо кандайдыр бир өзгөрүүлөр башталат.

Көбүнчө айымдар кырк жаштан кийин жыныстык жашоо азаят деп ойлошот, ал эми элүүдөн кийин такыр эле жоголот деп ишенишет.

Бирок баары мындай жаман эмес! Геронтологдор, климакс жыныстык катнашка тоскоол эмес деп ишендиришет. 50дө да, керек болсо 60та да айымдар интимдик жашоо менен толук жашап, андан кумар ала алат. Дарыгерлер климакстан кийин жыныстык катнаштын болуусун гана сунуштабастан, талап кылышат.

 

Менопаузанын чарчаткан симптомдору айымдарды көптөгөн жагымсыз эмоцияларга дуушар кылат: качандыр бир кезде айым токтоо болсо, күтүүсүздөн урушчаак, энергиялуу болсо – 24 саат уктаганга даяр чарчаңкы жана сабыры суз болуп калат. Уйкунун бузулушу, түнкү терчилдик жана заара кылуу көйгөйлөрүн айтып кереги жок.

Климаксты дарылоо дайым комплекстүү болуш шарт. Дарыгерлер эмгек жана эс алуу режимин туура сактап, гимнастика кылууну, ачуу, туздуу жана майлуу тамактан баш тартууну, ошондой эле жаман адаттардан арылууну сунушташат.

Медикаментоздук терапия да сунушталат, ал эми гормоналдык каражаттар – дарыгердин дайындоосу менен гана мүмкүн. Бирок, адистер, интимдик жакындык – менопауза убагындагы эң мыкты дары деп бир үндөн жар салышат!

 

Эгер, 45-50 жаштан кийин интимдик жакындык жоголот деп ойлосоңуз, биз ал ойду жокко чыгарабыз. Менопауза канчалык жакындаган сайын айымдардын жыныс гормондору ошончолук төмөндөйт, ал эми тестестерондун деңгээли ошол эле калыпта болот. Ал болсо тонуска – интимдик жашоого кызыгууга жооп берет... Демек, 40тан кийин интимдик жашоого кызыгуу күч алыш керек.

Айымдардын менопауза убагында интимдик жашоодон баш тартуусуна байланыштуу дагы бир миф, 50 жаштан кийин секс такыр эле кумарлантпайт. Албетте, бул климакстын симптомдорунун бири – жыныс органдарынын кургактыгы. Анан, эгер дискомфорт менен, балким оору сезип жатсаңыз, интимдик жакындыктан кантип кумар алышыңыз мүмкүн?

 

Бактыга жараша, бүгүнкү күндө бул көйгөй оңой эле чечилет: дарыканалардын текчелери интимдик жашоону жакшыртуу үчүн колдонулуучу лубриканттар менен интимдик товарларга жыкжыйма толгон.

Ошондой эле, эркектен айымаланып, айымдардын жыныстык реакциясы өзгөрбөйт. Эгер айымдар дайым жана сапаттуу интимдик жашоо өткөрүп турса, жыныстык мүмкүнчүлүктөрү жыл өткөн сайын азайбайт.

Албетте, 50 жаштан өткөн адамдар ар кандай оору-сыркоолорго жакын болот, бирок регулярдуу жыныстык катнаш ооруларды күчөтүп жибербей, теккерисинче – кан айланууну жакшыртып, нерв системасынын иштешин нормалдаштырат жана жалпы абалды жакшыртат.

 

Климакс убагындагы жумасына бир жолу болгон жыныстык катнаш маанайды көтөрүп жана ыракат алуу сезимин ачып турат. Жумасына эки жолку жыныстык катнаш секретордук иммуноглобулиндин иштелип чыгышын жогорулатат. Ошону менен бирге аялды ар кандай вирустар менен бактериялардан сактайт.

Анан дагы, жумасына жок дегенде эки жолу өбүшүү жана эркелетүү менен алектенсе, өнөктөштүн микрофлорасы менен алмашууга өбөлгө түзүп, иммунитетти күчтүүрөөк кылат. Жыйынтыгы: жыныстык жакындык оорулардан коргойт!

Ал эми жумасына үч жолку интимдик мамиле миокард инфарктынын өнүгүшүнө тоскоол болот, кан айланууну жакшыртат жана жүрөк-кан тамыр системасынын иштешин нормалдаштырат.

Бирок, интимдик жакындыкты узак жашоонун биринчи булагы кылып алган да туура эмес. “Жыныс органдарынын табигый функциясы – тукум улоо. Эгер жыныстык функция аша чаап кетпесе, ал узакка сакталат жана узак жашоого да таасирин тийгизбей койбойт. Кумарлануунун булагы катары өтө көп колдонуп жиберүү организмдин эрте чарчашына алып келет”, — дейт академик Богомолец. Биз байкагандай, чеги менен болгон нерсенин баары жакшы.

Менопауза – аялдын жашоосундагы жөнөкөй эмес мезгил. Өзүңүздү кемчиликтериңизге көңүл буруп отуруп калбастан, климакстын келиши менен эч жакка жоголбогон кадыр-баркыңызга көбүрөөк көңүл буруңуз!

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.