Жылдыздар эмнесин камсыздандырышат

«Жылдыздар» эмнеден коркушат? Ырчы үнүн жоготкондон, футболчу бутун сындырып алуудан, фотомоделдер өз келбетинин көркү кетип калат деп коркушат. Ушул себептен, өзгөчө үндү же жакшынакай келбетти камсыздандырып койгон жакшы.

Мындай камсыздандыруулардын модасы 100 жыл мурун пайда болгон – өткөн кылымдын жыйырманчы жылдарында эле англиялык камсыздандыруучу «Lloyds of London» агенттиги атактууларга алардын эң баалуу нерсесин камсыздоонуу сунуштаган.

Бул сунушка биринчилерден болуп актер Бен Терпин макул болгон. Ал өзүнүн чалыр көздөрүн камсыздандырган. Бен, чалыр көзү жоголуп, көрүүчүлөрдүн кызыгы кетип калат деп кооптончу. Ошондой боло турган болсо, актер 25000$ алмак. Ошол убакта бул чоң акча эле.

Айтмакчы, орус ырчысы Александр Буйнов дагы көзүнө кооптонот. Бирок ал сокур болуп калуудан коркот. Андыктан ал оз көзүн 100 000$га камсыздаган.

Модель Хайди Клум өзүнүн бутун 1 800 000$га  камсыздаган. Кызыгы, оң буту кымбатыраак турат – 1 000 000$. Ал эми сол буту 800 000$. Бирок буга өзүнчө түшүнүдүрмө бар – Хайдинин сол бутунда кичинекей тырык бар.

Легендарлуу Мерилин Монро дагы убагында өз бутун камсыздаган. Чынында 10 000$ эле. Бирок ал кезде доллардын баасы дагы маанилүү болчу.

Рок ырчысы Джин Симмонс, «Kiss» тобунун негиздөөчүсү, дүйнөдөгү эң узун деп табылган тили менен сыймыктанаар эле. Бул «баалуулук» миллион долларга камсыздандырылган.

Ушундай эле акчага Калифорниянын тургуну Джон Харрисондун тили да камсыздандырылган. Джон ырчы болбосо дагы өз тилин сактайт. Харрисондун кесиби – бал муздактын даамын көрүүчү. Ал күнүнө балмуздактын 60 сортун даамдайт.

Голландиялык элита шараптарынын даамын көрүүчү Илья Горт, жыт билүү сезимин жоготуудан коркот. Чындыгында, ошондой болсо ал 5 000 000 $ компенсация алат.

Буттар карышкырды гана эмес футболчуларды да тойгузат. Ошол себептен, кокустук болуп кетпеш үчүн камсыздандырыш керек. Англия футболунун легендасы Дэвид Бекхем өзүнүн «эмгек куралын» 70 000 000$ га баалаган.

Ал эми Криштиану Роналду болсо эки эсе көп, 144 000 000$га  баалаган.

Дэниел Крейг, Джеймс Бонддун ролун аткаруучу, тартылуу учурунда көптөгөн кыйын трюктарды жасаган. Актер өз денесин 9 500 000$га камсыздаган.

Бирок атактууларга суктанбай деле койсоңор болот. Ар бир каалоочу «UFO Abduction» компаниясында 10 000 000$ камсызданып алса болот. Ошондо дагы полис өтө деле кымбат турбайт – 19,95$ эле. Бирок бул сумманы бир гана учурда ала аласыз -  эгер сизди башка планеталыктар  уурдап кетсе. Компания даарылоо жана психиатрдын кызматын кошумча төлөп берээрине сөз берген.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.