Жылдыз белгилери боюнча сиз эмнеге шыктуусуз

Бул дүйнөдө ар бир адам бир нерсеге шыктуу. Кимдир бирөө бала кезинен эле билсе, дагы бири чоңоюп калганда билет, ал эми кээ бирлери жашы толгон убакта гана өз шыгын түшүнөт. Келгиле, кимдин эмнеге шыктуу экенин жылдыздар кандай айтаарын карап көрөлү.

 

 

Кой

Сиз өзүңүзгө ишенген адамсыз жана алдыга коюлган бардык милдеттерди аткара аласыз. Адамдарды башкарганды жана аларды артыңыздан ээрчиткенди билесиз. Сиздин шык – чоң компаниянын жетекчиси.
 

Букачар

Букачарлар, болгон нерсесин тыкыр кайтарышат. Алар көнүп калган жумушунан оңой менен кете алышпайт, ошондуктан ал жумушунда көбүрөөк кармалууга жана карьералык тепкичтен көтөрүлүүгө аракет кылышат. Букачардын чыныгы шыгы – бул финансылык операциялар. Алар материалдык баалуулук бар нерселерде күчтүү келишет.
 

Эгиздер

Эгиздер акылдуу жана тапкыч келишет, жаңы маалыматты бат кабыл алышат. Эгер анын эмгеги элге пайдалуу болоорун жана өзүнө жакшы киреше алып келээрин түшүнсө, күнү-түнү иштегенге даяр. Эгиздердин чыныгы шыгы – бул врач. Эгер алар ушул багытта кетишсе, анда алар медицинанын биринчи класстагы адиси болоорунан шек жок.

 
Бөйөн

Бөйөндөр ушунчалык боорукер болушат. Ошондуктан алар өздөрүн бирөөгө кам көрүү керек болгон жерде көргөзө алышат. Ошол себептен алар бала бакчадагы тарбиялоочу, мугалим, же жаныбарларды багуучу мекемелердин адиси боло алышат.
 

Арстан

Арстандар – күчтүү инсандар. Алар өзүндө лидерлик менен чыгармачыл адамдын сапаттарын айкалыштырышат. Арстандар башкаруучу кызматтарды да, искусство тармагын да бирдей алып кете алышат. Алардан мыкты музыканттар, сүрөтчүлөр, бийчилер жана башка искусствонун чеберлери чыгат.
 

 
Бийкеч

Бийкечтерге жашоодо шык табуу кыйыныраак болот. Алар үчүн эң мааниилүүсү – Бийкечтерде бардыгы жакшы болот деп ишенүү. Бул Жылдыздын аналитикалык жөндөмдүүлүгү аларды финансылык операцияларды башка Жылдыз белгилерине караганда эффективдүү кылганга жардам берет.

Тараза

Көбүнчө Таразалар, бул жашоодо эмне каалаарын бала кезинен эле билишет. Бул кандайдыр бир адистик эмес, өз тагдырын байланыштыра турган багыт болушу мүмкүн. Бул Жылдыздын шыгы – сулуулук менен тазалык балансын тең салмакта кармоо. Ошондуктан алар көбүнчө дин кызматкери, психолог, сүрөтчү жана PR-адистери болушат.
 

 
Чаян

Чаян майда-чүйдөгө башын оорутпайт, ошондуктан адистикти жакшылап тандайт. Эң жакшы жыйынтыкка жеткирчү адистикти. Чаяндардын арасында улуу окумуштуулар, программисттер, ойлоп табуучулар жана искусство кызматкерлери көп кездешет.

Жаачы

Жаачы эч качан бир  орунда  отурбайт жана алдыга гана жылганга аракеттенет. Алар илимди жакшы көрүшөт жана эл биле элек процесстерди биринчилерден болуп билет. Ал эле эмес, Жаачылар адамдар менен бат тил табышат. Алардан жакшы врачтар, өзгөчө педиатрлар, психологдор жана окумуштуулар чыгат.
 

 
Текечер

Текечерлер эски көз караштуу болушат. Алар калыптанып калган традициялардан чыгышпайт. Булар тыкан жана абийирлүү адамдар, баарына кылдат аракет кылып жасап, максатына токтобостон багыт алат. Алар илимде, финансылык иштерде, техника менен архитектурада ийгилик жаратышат.
 

Суукуйду

Суукуйдулар өзү тандаган бардык сферада ийгиликке жетишет. Кызыгы, жаш кезинде алар анча дымактуу болушпайт. Ийгиликке жетүү тилеги кийинчерээк келет. Бирок, жаш кезинде Суукуйдулар улам жаңы адистикти сынап көрүү менен өзүнө көп тажрыйба чогултат.
 

Балыктар

Бекеринен Балыктар эки жакка сүзгөн балыктар түрүндө белгиленбесе керек. Бир жагынан булар максатка багытталган жана эпчил болушса, бир жагынан – кыялчы жана аристократ болушат. Бул белгинин өкүлдөрүнүн арасында чыгармачыл адамдар көп болушат. Балыктар искусство тарыхында көрүнүктүү орундарды ээлешет.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.