Жыл өткөн сайын 30 жаштан жогорку айымдарды көбүрөөк баалайм

Мунун себептери толтура.

Мисалы 30 жаштагы айым "эмне жөнүндө ойлонуп жатасың?" деп сураш үчүн түн ортосунда ойготпойт. Сенин эмне жөнүндө ойлонуп жатканың кызыктырбайт.

 

Эгерде 30 жаштагы айым спорт каналын көргүсү келбесе, жаныңа отуруп алып наалыбайт. Барып каалаган нерсеси менен алек болот.

Ким экенине, кимден жана эмнени каалаарына ишенимдүү болуш үчүн өзүн жетишээрлик жакшы билет.

Элдин көзүнчө кафе-ресторандан ажылдабайт. Туура эмес экениңди билсе сабырдуу түшүндүрө алат.

30 жаштагы айымдар дос кыздары менен тааныштырганга өздөрүнө жетишээрлик ишенет. Жаш кыздар эң жакын досуна тааныштыргандан да качышат, себеби өнөктөшүнө ишене беришпейт. Ал эми улуулар эгерде дос кызын татынакай көрсөң да баарыбир. Дос кызы эч качан сатпаарын билет.

30 жаштагы айымдын туюму оракулдукундай эле. Эч нерсени моюнга албай деле койсоң болот, айтпасаң деле сен жөнүндө баарын билет.

Ачык түстөгү ооз боегуч жаш кыздарга караганда 30 жаштагы айымдарга жакшы жарашат.

Эгерде бетиндеги эки үч бырышына көз жумуп койсоң, 30 жаштагы айым жаш кыздарга караганда төшөктө мыкты экенине күбө болосуң.

30 жаштагы айымдар чынчыл жана ачык болушат. Өзүңдү малдай алып жүрсөң, мал экениңди бетке эле айтат.

Сени кандай көрөөрүн божомолдобой эле билсең болот.

 

Негизи эле 30 жаштан өткөн айымдарга суктанаарлык көп себептери бар.  Сиз дагы эмне кошо алат элеңиз?

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.