Жүрөктү тандап, сүйүктүүңүз менен мамилеңизди кантип өркүндөтүүгө боло тургандыгын билип алыңыз

Эртеби-кечпи, биз бардыгыбыз үй-бүлө курууга умтулабыз, бул өз кезегинде жүрөгүбүздөн орун берген адамга жоопкерчилик алганыбыздан кабар берет.

Биздин түркүн түстүү тест сизге сүйүктүүңүз менен мамилени нормалдаштырууну жана сактоону, кемчиликсиз тең салмактуулукту табууну, эң башкысы, сабырдуулукту сактап, канааттанууну үйрөнүүгө жардам берет.

Болгону, жүрөктөрдүн бирин,  эч ойлонбостон, интуитивдик түрдө тандаңыз.

 

Номер 1-жүрөк

Сиз өзүңүздү сыйлап, баалай башташыңыз керек, андан кийин өзүңүзгө болгон мамилеңизди кайрадан карап чыгыңыз. Жана ушул учурда гана сиз сүйүктүүңүзгө болгон бардык дооматтардан арыласыз. Эсиңизде болсун, эч ким эч кимге эч нерсе карыз эмес. Ар кимдин өзүнүн пикири, дүйнө таанымы бар.

Өзүңүз жана жашооңуз үчүн жоопкерчилик алыңыз, бул мамилени жакшыртуунун бирден-бир жолу.

Номер 2-жүрөк

Күнүмдүк жашоодон, монотондуулуктан жана тиричиликтен аябай чарчадыңыз. Сиз ушунчалык эс алууну, майрамдоону каалап турасыз.

Кечинде сейилдөөгө көбүрөөк чыгыңыз, бирок ар дайым сүйүктүүңүз менен. Жаратылыш жана таза аба экөөңүзгө тең оң энергияны берет. Кантип бири-бириңизге жакын болуп, позитивдүү жана кубанычтуу болуп калганыңызды өзүңүз байкабай каласыз.

Номер 3-жүрөк

Белектер жана көңүл өзүнө тартат - бул факт.

Ошондуктан, сүйүктүүңүзгө көңүл буруп, бир нерсе белекке берип, эки жанга тең жагымдуу нерсе жасоого кез келди.

Белекти колуңүз менен жасап көрүңүз, ага жооп күтпөңүз, бул мамилелерди жакшыртуунун жана жакындоонун мыкты жана ишенимдүү жолу.

Номер 4-жүрөк

Көңүл буруңуз жана жакын адамыңызды манипуляциялоо жакшы эместигин унутпаңыз. Сиз, энергетикалык вампир сыяктуу, жакын адамыңыздын энергиясын соруп, аны, өзүн күнөөлүү сезгенге мажбурлайсыз.

Каалаганыңызды анча зыяндуу эмес жол менен алыңыз.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.