Жүрөк "кызыктай" согуп атабы: качан эс алып, качан доктурга чуркаш керек

Эгер жүрөгүңүз бир кызыктай иштей баштагандай сезилсе, анда корконуңуздан, Google'дан маалымат издеп баштайсыз.

Мүмкүн, сиз "пальпитация" деп аталган акыбалда болуп жатасыз, башкача айтканда, жүрөктүн анормалдуу согушу.

Пальпитация демейдеги ритмден ар кандай четтөөнү билдирет: бат согуу, аритмия, көкүрөктөгү катуу кагуу.

Башка сөз менен айтканда, күтүлбөгөн жерден жүрөгүңүздүн согушун сезип баштасаңыз – демек сизде пальпитация болушу мүмкүн.

Тынчсыздануу керекпи? Жооп бир катар факторлорго байланыштуу. Пальпитациядан жүрөктүн токтоп калышы сейрек кездешет, бирок сейрек деп көңүлгө албай койгонго да болбойт.

Алгач, пальпитациянын себептерин карап көрөлү.

Жүрөгүбүз синус түйүнү (SA түйүнү) деп аталган клеткалардын жыйындысынан алган электрдик сигналдарга жооп кылып согот. Түйүн оң дүлөйчөдө жайгашкан. Эгерде CA түйүнү чаташкан электр сигналдарды жөнөтө баштаса, анда жүрөктүн пальпитациясы пайда болот.

Денедеги адреналиндин деңгээлин көтөргөн бардык нерселер бул импульстарга таасир этиши мүмкүн. Алар стресс, тынчсыздануу, кофеин, ОРВИ, уйкунун жетишсиздиги жана стимулятор препараттар. Жүрөктө адреналиндин деңгээлинин жогорулашына жооп берген кабылдагычтар бар.

Мындан тышкары, спорт менен машыгуу же кош бойлуулук пальпитацияга алып келиши мүмкүн. Бул толугу менен нормалдуу жана коопсуз.

Бирок, кээде пальпитация кандайдыр бир көйгөйдү билдириши мүмкүн.

Мисалы, жүрөктүн кагышы аритмиядан бузулушу мүмкүн. Аритмия алсыздык, баш айлануу, эс-учун жоготуу, дем алуу жана көкүрөк оору менен коштолгон жүрөктүн бир калыпта эмес согушун шартташы мүмкүн.

Аритмия дайым эле кооптуу боло бербейт жана дарылоого болот, бирок кээде өмүргө коркунуч туудурушу мүмкүн. Ошондуктан, эгерде пальпитация жогоруда аталган белгилердин бири менен коштолсо, анда доктурга кайрылуу керек.

Пальпитация кээ бир башка органдардын иштебей калгандыгын да көрсөтөт - мисалы, калкан без. Калкан без организмдин көптөгөн системаларына таасир этүүчү тироксин жана трийодтиронин гормондорун иштеп чыгат. Эгер сизде гипертиреоз (б.а. калкан без өтө активдүү болсо), ашыкча тироксин зат алмашууну тездетип, жүрөктүн катуу кагышына алып келет, ошондой эле табиттин жогорулашына жана күтүүсүз арыктоого алып келет.

Акыры, пальпитация физикалык аномалиядан келип чыгышы мүмкүн - мисалы, жүрөк алсызыраак же демейдегиден чоңураак болгондо. Мындай учурда, сиз атайын медициналык текшерүүдөн өтпөй туруп, бул жөнүндө билбейсиз.

Эсте болушу шарт:

• Эгерде пальпитация тез-тез болуп турса же белгилүү бир иш-аракеттерди дайыма коштоп жүрсө, анда дарыгерге көрүнгөн оң.
• Эгерде пальпитация башка белгилер менен коштолсо - баш айлануу, алсыроо, ыңгайсыздык же көкүрөк оору ж.б. - сөзсүз түрдө доктурга кайрылыңыз.
• Өз тарыхыңызды карап көрүңүз. Дени сак 30 жаштагы адамдын 60 жаштагы адамга караганда жүрөк-кан тамыр ооруларына тынчсыздануусуна көп негиз жок.
• Бирок, жүрөк кагуу ыраатсыз болуп, башка белгилер менен коштолбогон учурда дагы, ден-соолугуңуз жакшы болсо да, тынчсызданып жатсаңыз, доктурга көрүнүүгө эч нерсе тоскоол болбойт. Акыры, медициналык кароодон эч кандай зыян болбойт. Жүрөгүңүздү текшерип коюп туруудан эч коркпоңуз.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.