Жүрөгүңүз кармаса, сизде болгону 10 секунд болот! Бул убакта эмне кылыш керек?

Жүрөктүн кармашы – дүйнө боюнча өлүмдүн башкы себеби.

Тилекке каршы көпчүлүк, качандыр бир кезде жүрөгү кармап калышына ишенбейт. Ошондуктан мындай чукул кырдаал болсо, эмне кылышты билбейт.

Бул кеңеш сизге эч качан кереги тийбейт деп ишенебиз. Ошентсе да, муну билип алыш ашыкча болбос: өзүңүзгө кереги тийбесе дагы, жакындарыңызга, же такыр эле тааныбаган адамга керек болуп калышы мүмкүн.

Эгер оорулуунун жүрөгү кармаса, ал өзүн жоготконго чейин, болжол менен 10 секунд бар. Ал убакытты кандай колдонуш керек?

Биринчиден, бирөө тез жардам чакырыш керек. Оорулуу болсо колдон келишинче катуу жөтөлүшү керек.

Так ушул убакта катуу-катуу жөтөлүш керек, колдон келишинче катуу. Дем алып, кайра демди жөтөл менен чыгарыш керек. Эгер ушуну туура кылсаңыз, сиздин өмүрдү сактап калууга шанс көбүрөөк болот.

Мындай кылыштын себеби: сиздин кан жүрөккө оңой келип, анын иштешин оңойлотот. Кан басымды ушундай жасалма жол менен өзгөртүүдө, жүрөк согуу ритми бир калыпка келет. Ушундай жол менен сиз ооруканага жеткиче убакыт утуп, жүрөккө болгон күч келүүнү азайтасыз.

Бул видеодо, өзгөчө кырдаал болгондо, кантип туура жөтөлүү керек экени көрсөтүлөт.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.