Журналдын сырткы бети бир кичинекей деталдын артынан көптөгөн адамды өзүнө тартты

Журналдардын сырткы бети коомчулуктун көңүлүн тартуу үчүн жасалат. «Vanity Fair» журналынын бул фотосессиясында толук ийгиликке жетүү үчүн бардык мүмкүнчүлүктөр болгон – легендарлуу фотограф Энни Лейбовиц, кооз кырдаал жана Голивуддун 12 жылдызы, алардын арасында Том Хэнкс, Опра Уинфри, Риз Уизерспун, Николь Кидман жана баша белгилүү инсандар. Эмне туура эмес болушу мүмкүн? Бирок интернеттин колдонуучулары сүрөттөн бир кызык нерсени байкап калышып, жагдайды талкуулап башташты.

 

 

Сүрөт башында эч кандай деле көңүл бурдурган эмес, бирок жакындатып караганда...
Актриса Риз Уизерспундун үчүнчү бутун байкашты.
Ага актриса бат реакция кылды

Эми... Менин оюмча, менин 3 бутум бар экенин баары билишти. Менин ушундай экенинмди туура кабыл алат деп үмүттөнөм. (Ошондой эле Опраны кучактап отурганым үчүн кечирим сурабайм, эгер силерде андай мүмкүнчүлүк болсо – коё бербегиле)

 
Бирок иш муну менен бүтүп калган жок – колдонуучулар Опра Уинфринин 3 колу бар сүрөттү таап чыгышты.
 
Теле алып баруучу да юмор менен Риз Уизерспундун твитине жооп берди

Сенин үчүнчү бутуңа эч кандай каршылыгым жок. Менин оюмча сен деле менин үчүнчү колума каршы эмессиң.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.