Жубайынын көзүнө чөп салган 5 жылдыз белгиси

Бактылуу түгөйлөрдү дагы ала жипти аттабайт деп эч ким кепилдик бере албайт. Азгырык деген балээ адам баласын ар бир бурчта аңдып турат эмеспи. Андан качып кутулуу да кыйын. Кээде өзүбүздү канчалык көзөмөлдөп, карманганыбыз менен ала жипти аттап, жубайыбыздын көзүнө чөп салып коёт экенбиз.

 

 

 

 

Албетте, мындай учурда адамдын кулк-мүнөзү, эрки жана каалоосу дагы чоң ролду ойнойт. Чыккынчылык кылып, ак төшөгүн булгаган адамды ким эле жактырсын. Мындай жашыруун иштерге барып “эки тоонун чөбүн эңсеген” эчкилерди алдын ала билүү максатында жылдыз белгилерге карап териштире келсек, азгырыкка оңой арбалгандар мына бул белгилер болуп чыга келди. Албетте, бул жоромол жүз пайызга туура дегенден алыспыз. Болгону бул белгилердин мүнөзүндөгү олку-солкулук ала жипти аттоого түртөт экен.

1. Текечер (22-декабрь – 9-январь)

Текечердин бейнесин кагаз бетине түшүрүүгө өтө көп боёк керектелет. Алар абдан мээнеткеч, анан дагы өжөр, беттегенинен кайтпаган немелер. Жашоодо каалаганы кандай баа менен колго тиерин беш колундай жакшы билишет. Мамиле түзүүдө Текечерлер туруктуулукту талап кылышат. Эгер анын каалаганын камсыздай албасаңыз ал сизден таппаганын башка жактан издей баштайт.

2.Суу куйду (20-январь – 18-февраль)

Суу куйду интеллектуалдык эркиндикти көксөйт, анын акыл жөндөмдүүлүгүн чектегендерге чыдай албайт. Муну анын жеке мамилесинен да байкасаңыз болот. Аларга чектөө койгонду такыр каалашпайт, ошондуктан аны тушап турган сүйүү чынжырларын үзүп боштондукка умтулат.

3.Балыктар (19 -февраль – 20-март)

 

Баардык белгилердин ичинен эң кыялкеч жана романтикалуу маанайга чулганган балыктар баары-жокту идеалдаштырып, айлана-чөйрөсүн кызгылтым көз айнектин ичинен карайт. Болгон нерсени болгондой кабыл албай көбүртүп-жабыртып жибермейи бар. Жеке жашоосун драмага айланткан балыктар ала жипти көп атташат. Кээде жашоосунда түрдүү боёктор көп болушун каалап ар кандай байланыштарды түзүп коюшат.

4. Букачар (20-апрель – 20-май)

Жылдыз белгилеринин арасында Букачарлар эң берилген өнөктөш экендиги белгиленген. Анда эмнеге аягы жеңилдердин тизмесине илинип калды десеңиз, букачарлар жубайына абдан берилишет аны эч убакта сатпайт. Эгер өнөгүнүн чыккынчылык кылганы билинип калса андан өч алуу үчүн ойнош күтөт.

5. Бөйөн (21-июнь – 22-июль)

Жылдыз белгилеринин ичинен Бөйөндөр көзгө чөп салууга эң жөндөмдүү экени далилденген. Анткени Бөйөн бат эле зеригип кетет. Ошол эле учурда олуттуу мамиле түзүүгө ашыгат. Өнөктөшүн таап, туруктуу мамиле түзгөндөн кийин кээде көнүмүш жашоодон тажап кетет. Бөйөн үй бүлөсүнө жубайына кам көргөндү жакшы көрөт, бирок мындан да айрым учурда тажап кетмейи бар. Бөйөн өнөктөшүн бактылуу кылат да, ошол эле учурда жаңы бирөөнү издей баштайт.

 

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.