Жубайлардын мамилелери тууралуу айткан уйкунун 10 позасы

Билесиңби, түгөйүң менен уктап жаткандагы позаларың сенин мамилелериң тууралуу эмне айтаарын? Чынында бул кызыктуу.

Биз уктап жатканда көмүскө туюм бизди башкарат. Денебиз өнөгүбүз менен сөз жок эле баарлашат, жана, чындыгында, миллион сөзгө караганда чындыкты айтат.

Алдыда түгөйлөрдүн эң популярдуу 10 позасы.

 

Кашыктар

Чынында, бул поза эң жайылган, өзгөчө сүйүшкөндөрдө. Анын мааниси, өнөктөр бири-бирин коргоп жатышат: сууктан болобу, “бабайкалардан” болобу, же жалгыздык сезиминен болобу – айырмасы жок. Ал болгону сүйүктүүсүнүн жанында эч кандай коркунуч жок экенин билгизип турат.

Эркин дрейф

Качан мамиле ишеничтүү жана чың болгондо, мындай поза болгону, жалгыз кездеги экөөң тең көнгөн комфортту эстеп жатканың тууралуу кабар берет. Эгер өнөктөрдүн бири кичине алыстыкта чала кучактап жатса: “Мага ишенсең болот, кабатыр болбо” дегенди билдирет.

Колдоо

Бул назик камкордук. “Мен жаныңдамын, мен сени мененмин, баары жакшы болот” деген, эгер эркектин кандайдыр бир көйгөйү болуп жатса, аялдын ага болгон колдоосун, камкордугун билдирет.

Түйүнчөк

Бул “Кашыктар” позасынан да өткөн өтө интимдик абал. Күчтүү эмоциялар, терең канааттануу жана ысык катнаштан кийин болгон абал. Бул поза өзгөчө романтикалык мамиле жаңы башталганда, жүрөктү жалын каптап турган убакта кездешет.

Чечилген түйүнчөк

Бул жогорудагы “Түйүнчөк” сымал позанын 10 мүнөт убакыт аралыгындагы абалы. Бул сөзсүз эле мамиленин муздап кетишинен кабар бербейт. Бул деген жакындык менен көз карандысыздыктын ортосундагы компромисс, мамиледеги гармония тууралуу маалымдаган эң жакшы абал.

Эркиндиктин сүйүүчүлөрү

Эгер уйкуга өнөктөшүңө эч бир жериңди тийгизбей кетсең, жана өзүңдү мындай абалда комфорттуу сезсең, демек силердин мамиленин ортосуна терең доо кеткен, же силер бири-бириңерге муздай баштагансыңар. Ошондуктан, силерге мамиледе көз карандысыздык керек.

Белден белге

Бул позадагы өзгөчө романтика: бири бириңерге аркаңарды салып жаткан күндө дагы, жок дегенде эле денеңердин, буттун манжасынын учу болсо дагы, бир жери менен тийип жатасыңар. Эки өнөктөш тең жайланышып, бири-бири менен комфорттуу сезет.

Ысык кучак

Бул позиция, качан бири биринин көкүрөгүнө башын коюп, буттары болсо чиеленип жатуусу, көбүнчө, жаңыдан чогуу жатып баштаган түгөйлөргө тиешелүү. Бул поза ишенимдин эң бийик деңгээлин гана билгизбестен, өтө ысык мамиледен дагы кабар берет.

Элдешүү

Бул поза көбүнчө уруштан кийинки түгөйлөрдө байкалат, ички сезимдери копромисске келе албай жаткан күндө дагы (бирөө аркасын салса, экинчиси көмкөрөсүнөн), чогуу болгулары келишет, жана аны башка нерселерден бийик коюшат. Силерге болгону эмоционалдык байланышты калыбына келтиришиңер керек, андай болсо эмнеге, жок дегенде, физикалык жактан кылса болбойт экен.

Деңиз жылдызы

Эгер түгөйлөрдүн бири бул позаны тандап, төшөктө ары-бери оонап, өнөгүн түрткүлөсө, анда ачык сүйлөшүүгө убакыт келди. Түгөйлөрдүр бири басымдуулук кылып, жеке басарлыгын көргөзүп жатат, ал ички сезиминде өзүнөн алсыз өнөккө гана даяр. Эгер анын өнөгү баш ийбесе, конфликтен качып кутула албайсың.

Түгөйлөрдө ким баш, ким экинчи скрипканы ойнойт, баштын жайгашышы айтат. Эгер алар бир деңгээлде болсо, бул алардын бири-биринин баштарында эмне “таракандар” болуп жатканын билээрин маалымдайт. Кимисиники ылдыйда болсо – баш ийип жана өзүнүн баалоосу төмөн болгону, ал эми кимисиники жогору болсо – ал лидер дегендик.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.