Жөнөкөй сылыктык аялдын өмүрүн сактап калды

Бул окуя кадимки эле бир күндөрү эт комбинаттардын биринде болгон.

 

 

Бул аял, этти тоңдуруу жана кайра иштетүү өндүрүшүнүн технологу, нөөмөтү бүткөндө текшерүү үчүн тоңдургуч камерага кирген. Бул жаныбарлардын тушалары илинген чоң бөлмө болчу. Ар-бери көз жүгүртүп, баары жайында экенин көргөн аял кайра чыкмакчы болгон, бирок, эшиги бекилип калган жана аны ичинен ачууга мүмкүн болгон эмес. Камеранын ичиндеги температура болсо 15 градус нөлдөн төмөн. Ал аз келгенсип, аял жеңил кийинип жүргөн.

Кыйкырып, дубалдарды ургулаган менен майнап чыккан жок – камеранын дубалы калың жана жылуулук өткөрбөгөн материал менен капталган, ал болсо үндү да соруп алат экен. Ошол эле себептен телефон байланышы да иштебейт экен. Аял бир орунда турбаганга аракет кылып, секирип, активдүү кыймылдап жатты. Бирок алы көпкө жеткен жок, жумуш күнү болсо эчак бүткөн. Кызматкерлердин штаты чоң болгондуктан, бир кишинин жоголуп кетишин байкоо дээрлик мүмкүн эмес болчу.

Бир нече убактан кийин, алы такыр кеткен аял, тагдырына моюн сунуп камеранын эшигинин алдына кулап жатып калды. Күтүүсүздөн эшик ачылып, камерага корккон кароолчу кирип келди. Көрсө кароолчу аялды көп убакыт издептир, акыры тоңдуруучу камерага баш багууну чечиптир.

Азыркы тапта аял тирүү жана ден соолугу жакшы, айыгып жумушка кайра чыкканда кароолчуга болгону бир суроо менен кайрылды: “Эмнеге сен мени издедиң?”

Кароолчу, аялдын сылыктыгынан жана боорукерлигинен эстеп калганын моюнга алды. Ал киши бул комбинатта 10 жылга жакын иштептир жана дээрлик персоналдын эч кимиси ага көңүл бурбаганын айтат. Бул аял болсо дайым келип жатканда учурашып жана кетип жатканда коштошуп турчу экен. Бул болсо өз учурунда кароолчунун аз да болсо көңүлүн көтөрүп турган. Мына, күндөрдүн биринде, ал күткөн кош айтышуу сөздөрүн укпай калды. Бул анын шек саноосун ойготуп, жыйынтыгында аялдын өмүрүн сактап калды.

Эми, бул окуянын чын-төгүнү белгисиз, качан пайда болгону да белгисиз. Бирок, ар дайым адамдарга сылык мамиле кылсаң, кичирейип кетпейсиң, тескерисинче, алардын эсинде жакшы жагыңдан гана каласың деген маанини жеткирет.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.