Жолу жок аялдын 3 негизги өзгөчөлүгү

Кээ бир айымдардын иштери туруктуу жогоруну карай кетсе, кээ бирлери – кандай тытынбасын, жылбайт. Көйгөй эмнеде, эмнеге жолу болбойт?

 

 

1. Айланасындагынын баарын күнөөлөйт

Жолу жок аял үчүн дайым башкалар күнөөлүү. Ал өз иштеринде жоопкерчиликти өзүнө албайт – ошондуктан анын айланасындагылар “түбөлүк күнөөлүүлөр”. Же коллегасы бут тосот, же курбусу көңүл бурбай коёт, же жолдогу башка айдоочу жинди болуп чыгат – айтор, ар бир кырдаалда күнөөлүүнү табат. Ал эми жашоодо жолу болбогону үчүн анын ою боюнча ким күнөөлүү экенин айтып кереги деле жок го. Күнөөсүз күнөөлүү болуп калбаш үчүн анын менен эч ким байланышкысы келбегендиги таң калыштуу деле эмес.

2. Бардык нерсеге шылтоо табат

Бардык каталарына шылтоо табат. Кылган ишине болгон жооркерчиликти башканын мойнуна иле салат. Аны мүнөздөгөн негизги фраза: “мен мындай кылмакмын, бирок...”, бул фразаны бардык сүйлөмдөрүнүн алдына коёт. Мындай аял жашоодо көп нерсеге жетишпестиги таң калыштуу деле эмес, анткени, анын алдында өзү алдын ала даярдап алган кыйынчылыктар күтүп турат жана аларга сөзсүз кабылат.

 
3. Ал өз каталарын мойнуна албайт

Жашоодо ийгилик жарата албаган аял эч качан өзүнүн каталарын мойнуна албайт. Ката кетиргенин мойнуна алып калгандын ордуна, акыр аягына чейин талашып тартышат. Кеп анын текебердигинде эмес, өзүнүн катачылыгын мойнуна алуу менен, баарлашуучусунуну алдында акылсыз, алсыз көрүнүп калуудан коркот.

 

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.