Жигиттин кош бойлуу кызга болгон реакциясы маршрутканы жарды

Жумуштан үйгө маршрутка менен кетип баратам, алдымда балам отурат. Жанымда 25 жашар жигит кулагына наушник тыгып алып, үргүлөп баратат.

 

 

Маршруткага убагы келип калган, кош бойлуу жана аны ээрчиткен улгайган аял кирди, энеси болсо керек.

Ары-бери карашып, салондон бош орун табышкан жок. Эч ким орун берчүдөй эмес!

Улгайган аял эң жаш жүргүнчүнү тандап, кош бойлууну колунан жетелеп, уйкусураган жигиттин жанына келишти. Жигитте эч кандай реакция жок.

Анан аял жигиттин ийнинен тарткылаганда, жигит көзүн ачса – көз кысып, ага кош бойлуунун курсагын көрсөттү.

Жаңы ойгонгон жигит, эмне болуп жатканын түшүнбөй эле, көзүндө коркунчу пайда болуп, күндүн фразасын айтты:

– Мен эмес!!! Өлүп кетейин, мен эмес! Муну биринчи көрүп атам!

Вааай, маршрутка кулап калды!

Жигит ордунан тура калды, кош бойлуу болсо, каткырганынан, курсагын кармаган бойдон орундукка отуруп калды, жигит кызарган бойдон кийинки аялдамадан түшө качты.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.