Жер титирөөнүн айынан ирак телеканалынын түз эфири үзгүлтүккө учурады (видео)

Программанын коногу онлайн-түз эфирди токтотуп, сыртка чыкканга шашты.

 

 

Иран менен Ирактын чек арасында, дүйшөмбүнүн түнүндө болгон катуу жер титирөө ирактын Rudaw TV телеканалынын түз эфириндеги интервьюну үзгүлтүккө учуратты, – деп жазат Mashable

Каналдын алып баруучусу Хива Жамала түз эфирде курд саясий кыймылынын өкүлү Исмаил Навик менен баарлашып жаткан. Трансляция эки шаарда – Эрбила, саясатчы жашаган, жана Сулеймания, телеканал жайгашкан шаарларда, - жүрүп жаткан.

Баарлашуу учурунда жер катуу силкинип, камера титирей баштады. Курд саясатчысы интервьюну токтотуп, сыртка чыккысы келип жатканын айтты.

“Бизде жер титиреп жатат. Мен сыртка чыгайын, кечиресиздер”,

– деди ал.

Ушул эле убакта жер титирөө түз эфир жүрүп жаткан Сулейманияда да сезилип башталды.

“Азыркы убакта Эрбилада жер титирөө болуп жатат. Менин коногум коопсуздукта деп ишенем. Катуу силикинүү бизде, Сулейманияда дагы сезилип жатат, биз имараттан батырак чыгышыбыз керек”,

– деп Жамала түз эфирди токтотту.

Эскерте кетсек, күчү 7,2 баллга жеткан жер титирөө Иран менен Ирактын чектешкен жеринде дүйшөмбүгө караган түнү орун алды. Акыркы маалыматтарга таянсак, 445 адам өлүп, 7,1 адам ар кандай жаракат алышты.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.