Жекшембиде таарынчактар, ишембиде акылдуулар төрөлөт... Башка күндөрүчү?

Бал китеп ачкандар адамдын туулган жылы, айы, ал тургай аптанын кайсы күнү жарык дүйнөгө келсе, ал күндүн таасири да анын жашоосуна чоң таасир тийгизет деп эсептешет. 

Баарынан кызыгы, изилдөөлөрдүн жыйынтыгында астрологдордун божомолу дал келип, көпчүлүктү таң калтырды. Эмесе, жуманын кайсы күнү төрөлгөнсүз, окуп чыгып жыйынтык чыгарыңыз.

 

 

Жекшембиде төрөлгөндөргө Жараткан ачык-айрым, жаркылдаган мүнөздү ыйгарган. Алар абдан сезимтал болгондуктан сын пикирди жүрөгүнө жакын кабыл алышат.  Бат эле таарынып калышат. Ошол эле учурда жашоого жаркын маанай менен карашып, айлана-тегерегиндегилерди дагы жакшы маанайга бөлөшөт.

Иштин башы ишемби күнү төрөлгөндөр 100% өзүнө гана ишенген немелер. Жоопкерчиликтүү, анан абдан акылдуу келишет. Ишеним артып бир нерсени дайындасаңыз, көңүлүңүз ток болсун, алар өз орду менен аткарып коюшат. Башкалардын дагы жоопкерчиликтүү болушун каалашат.

Жума күнү чыгармачыл, таланттуу адамдар төрөлөт. Алар абдан бооркер, жардам берүүгө дайым даяр турушат. Жума күнү туулган адамдардын дээрлик көпчүлүгү көзү ачык таап, дарыгерлик касиетке ээ болушат.

Бейшембиде туулган адамдардын харизмасы күчтүү жана тубаса лидерлер. Алардын эмгекчилдигине жана өжөрлүгүнө суктанасың.

Шаршембиде жарык дүйнөгө келгендерди универсал адамдар деп койсок болот.  Кандай кырдаал болбосун ыңгайлашып жашай беришет, алар чече албаган маселе жок сыяктуу сезилет. Иш жаатында ийгилик жаратып, мансап тепкичтеринен жогорулай алышат.

Шейшембиде туулган адамдар сын пикир укканды такыр каалашпайт, бирок, башкаларга оюн бетке айткан сөздүн заары жок деп ачык айтып салышат да, артынан кайра өкүнүп калышат. “Максатыма жетем, кыйынчылыктарды тоготпойм” деген ураан менен жашагандар.

Дүйнө бүткөн дүйшөмбүдө төрөлгөндөрдүн баскан-турганы жеңил, алар ар кандай кызыктуу окуяларга аралашканды жакшы көрүшөт. Үй-жайын кооздоп, ыңгайлуу жашоого шарт түзүп, үй бүлөсүнө камкордук көрүшөт. Келишим түзгөндү, сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндү билишет, кандай иш болбосун жеке пайдасын көздөйт.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.