Жаздыксыз уктаса эмне болот

Жаздыксыз уктаса эмне болот деген суроого эксперт, тагыраак айтканда, тиешелүү квалификациядагы дарыгер – ортопед, сомнолог, нейрофизиолог ж.б. гана туура жооп бере алат.

Көптөгөн эксперттер жаздыктын жоктугунун уйкуга тийгизген таасирин изилдеп чыгышкан: Майкл Тетли, Елена Царева, Денис Гросс жана башкалар.Алар бир чечимге макул: жаздыктын жоктугу ден соолукка оң таасирин тийгизген учурлар бар, тескери таасири, б.а. зыян келтирген учурлар да бар.

Медицинада жаздык колдонбостон - тегиз беттин үстүндө (матрас) уктоо катуу сунушталган учурлар бар.

1-2 айга чейинки жаңы төрөлгөн балага уктап жатканда башынын астына эч нерсени койбоо сунушталат. Мындай кеңештин берилишинин себеби, ымыркайдын омурткалары алсыз болгондугунда. Омуртка алсыз болгондо, алар деформацияга оңой кабылат деп эсептешет.

Жаздыксыз уктоо качан болбойт?

1 жаштан баштап, бул уктоочу аксессуарды колдонуу керек, антпесе, эгерде ал жок болсо, ден-соолукка байланыштуу төмөнкү көйгөйлөр пайда болушу мүмкүн:

дискомфорт - бул, мындай маанилүү уктоочу аксессуар жок уктоодогу кемчиликтердин эң жөнөкөйү;

уйкунун өнөкөт жетишсиздиги, летаргия, концентрациянын төмөндөшү, күчтүн жалпы жоголушу (матрас, адатта, жаздыкка караганда катуу болгондуктан уктаганда жумшактык бербейт жана оорулардын симптомдорун пайда кылат), натыйжада нормалдуу уйкунун жоктугу келип чыгат;

коңурук тартуу (башты жалпак жерге көпкө койгондо дем алуу жолдорунун люмени өзгөрөт, куушурат, натыйжада коңурук тартуу коркунучу жогорулайт);

остеохондроз (жалпак керебет бул оорунун провакатору болуп саналат, өзгөчө бул жаатта көйгөйлөрү бар адамдар үчүн коркунучтуу);

ишемиялык инсульт (оору пайда болуу коркунучу жаралат, анткени, уктоочу жаздык жок болгон учурда, омуртканын абалы туура эмес болуп, кан тамырлар кысылып, жүрөктө кан ачкачылыгы пайда болот).

 

Жаздыктын жетишсиздиги адамдын сырткы көрүнүшүнө да таасирин тийгизет. Түз жатканда бетте бырыш пайда болушу мүмкүн.

Дарыгерлер уктоо үчүн жаздыктын жоктугу, ден соолук көйгөйлөрүнүн пайда болушуна алып келиши мүмкүн дешет, бирок туура эмес тандалган жаздык жаздыксыз жаткандан да коркунучтуу экенин айтышат. Жаздык өтө жумшак дагы, өтө катуу дагы болбошу керек.

Ошондой эле, омуртка үчүн уктоочу роликтер же ортопедиялык жаздыктар пайдалуу, алар омуртканын анатомиялык абалына туураланып жасалат.