Жашооңуздагы чыныгы кумарды табуу үчүн өзүңүзгө 5 суроону берип көрүңүз.

Бул жетиштүү. Жашоодогу эң маанилүү нерсе - бул эмне каалап жатканыңызды билүү. Чындап чоң канааттануу тартуулаган нерсе дүйнөгө керектүү нерсе жаратат. Сиздин максатыңыз эмне, жана эмне үчүн жаралдыңыз. Бул татаал сезилиши, ал эми каалоолоруңуз өзгөрүшү мүмкүн. Жашоонун эң мыктысы - эртең жаңы таң атат. Баарын башынан баштаганга эч качан кеч эмес.

15 мүнөттүн ичинде жашоо маңызын түшүнгөнгө жардам берчү, жөнөкөй тест сунуштайбыз.

Төмөнкү беш суроого жооп бериңиз:

 

1. Кайсыл 5-7 нерсени эң жогору баалайсыз?

Жообун ойлонуп жатып баарын эстеңиз, эң маанилүү мамиледен баштап, жөн эле кызыгууларга чейин, ички көз карашыңызды. Бул 5-7 нерсени кагаз бетине түшүрүп, буларды эмне бириктирет, тапканга аракет кылыңыз.

 

 
2. Эгерде эч нерсе өзгөрбөсө, эмнеге катуу өкүнөт элеңиз?

Бул суроого көпкө ойлонуштун кереги жок, максаты, сиз үчүн жашоодо эмнени өзгөртүү керек экенин түшүнүү. Башында бул көнүгүү негативдүү көрүнүшү мүмкүн, алдыга жылганыңыз көрүнүшү үчүн жоопторун позитивдүү багытта кылганга аракет кылыңыз.

 

3. Дүйнөгө эмне тартуулай аласыз?

Ар бири үчүн дүйнөгө тартуулай турган баалуулуктар жана маанилүүлөр бар, бул тартуулар менен жашоонун маңызынын тыгыз байланышы бар. Досторуңуздун, кесиптештериңиздин, жакындарыңыздын жашоосун өзгөрткөнүңүздү эстеп, болушунча көп жооп жазыңыз.

 

 
4. Эгерде каалаганыңыздай боло алсаңыз, ким болот элеңиз?

Фантазияңызды чектебеңиз. Кандай гана сизден айырмаланбасын, өзүңүздү каалаган адамыңыздай сезиңиз. Бул сизди элестетчү тоскоолдуктарды жеңип, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү сезгенге жакшы ыкма.

 

5. Эң бактылуу көз ирмемдериңиз кайсыл?

Жашап өткөн жолуңузду эстегенде эң айкын көз ирмемдер сиздин негизги умтулууңуз менен байланыштуу. Кайрадан эле жалпы байланышын табыңыз.

 

 
Жооптордун анализи

Бул суроолордогу сиздин жооптордон кутулуш керек болгон сиздин ык, кызыгууларыңыз, адаттарыңызды, жашоону өзгөрткөнгө уникалдуу мүмкүнчүлүгүңүздү  көргөнгө аракет кылыңыз.

Андан кийин өзүңүзгө акыркы суроону бериңиз: кайсыл кесипте, хобби же жашоо калыптарында негизги жашоо маңызы менен гармонияда жашаганга болот?

Жашоонун маңызын таптыңызбы?

Facebook барагыбызга жазылыңыз