Жашооңузда секс болбосо, ден соолугуңузда кандай өзгөрүүлөр болот?

Адамдын маанайын көтөрүп, эргиткен, жашоодогу эң бир сонун эрмектердин бири – жыныстык катнаш. Бирок, көбү анын маанилүүлүгүнө көңүл бурбай келет дейт The Health Awareness

Азыр биз, үзгүлтүксүз жыныстык катнаштан эмнеге баш тарпоо керектигин айтып беребиз. Сиз жыныстык катнаш кылбай калганда, эмне өзгөрүүлөр болот:

 

1. Сиз бат-баттан ооруйсуз

Эгер узак убакыт катнашта болбосоңуз, сиздин иммундук системаңыз жабыркайт. Демек, микробдор организмге оңой кирип, грипп же башка ооруларды жугузат. Ошондуктан, секс сизди ашыкча малина менен чай ичүүдөн арылтат.

2. Сиздин стресс деңгээлиңиз көтөрүлөт

Секс – стресстин деңгээлин түшүрүүчү эң жакшы ыкма. Регулярдуу секс стресс гармондорунун деңгээлин азайтып, сиздин нервдерди бошураак болгонго жардам берет. Секс жок, сиз жакында жарылчу бомбасыз!

 
3. Сизге ээлигүү оор болот

Кызыгы, бул чындык: регулярдык практика жетишпесе, адам оңой менен ээлиге албай калат. Эркектерде – бул эрекция менен проблема болсо, аялдарда – оргазмга жетүү кыйынчылыгы. Ошондуктан, дайым практикалап туруңуз, жарым бураганда от алганга даяр болосуз.

4. Сиздин түшүңүз өзгөрөт

Кээ бир адамдарда, жыныстык жашоосу регулярдуу болбосо, кызыктай болгон түштөрдү көрүүгө алып келет. Мисалы, сиздин түшүңүзгө сексуалдык сценалар кириши, же түшүңүздө оргазмга жетишиңиз мүмкүн.

 
5. Убакыт өткөн сайын жыныстык катнашка болгон кызыгууңуз тарайт

Эгер сиздин организм, сексуалдуу кармануу көпкө созулганын байкаса, ал жыныс гармондорун бөлүп чыгарууну азайтат. Кайсы бир убакта сексти каалабай каласыз, либидоңуз (каалоо) башка жакка бурулат. Мунун баары жыныстык гармондордун жетишсиздиги.

6. Сиздин жубайыңыз менен аралык алыстайт

Мамиледеги адамдардын чогуу жатуусу азайса, инсан аралык дистанция чоңойот. Жыйынтыгында, сиз өнөгүңүздөн шектенип, башка адамдарга көңүл артып баштайсыз.

 
7. Өзүңүзгө баа берүүңүз түшүп кетет

Каалабаган адамдын өзүнө берген баасы түшүп кетээри таң калыштуу деле эмес. Бирок жыныстык катнаштын жоктугу психологиялык абалына терс таасир тийгизип, депрессияга алып келиши мүмкүн. Изилдөөлөр көргөзгөндөй, секс депрессия менен күрөшүүнүн бирден-бир куралы жана эффективдүүлүгү жагынан антидепрессанттардан кем калышпайт.

8. Рак илденине чалдыгышыңыз мүмкүн

Көп убакыт жыныстык катнашка барбаган эркекте, жыныс органдарынын рак илдетине чалдыгуусу көбүрөөк болот. Ошондуктан, адамга берилген бул нерседен баш тартпаңыз – бул рак илдетинен оолак болууга жардам берет.

Facebook барагыбызга жазылыңыз