Жашооңуз эмнеге окшош: океангабы же чопогобу?

Жашооңузду же сизди каалаган жерге алып бара турган океан менен, же өзүңүз каалагандай нерсе жасай турган чопо менен салыштыра аласыз.

Биз адамдар жашоону кандайча кабылдаары жөнүндө айтып беребиз.

 

 

Кээ бир адамдар өз жашоосун океанга салыштырышат. Океандын агымы кайда барса ал адамдар да ошол жакка барышат.

Башкалар жашоону колундагы чопо менен салыштырышат: аны өзгөртө алат, форма бере алат, андан каалаган нерсени жасай алат.

Океанда сиз кичинекей жана коргоочу эч нерсениз жок, сизден абдан чоң нерсе менен курчалгансыз. Эмне кылсаңыз дагы эч нерсе өзгөрбөй тургандай сезесиз. Андыктан жашооңуз кандай өтүп жатканын ойлобогонго аракет кыласыз.

Бирок кээде океан укмуштуудай жерлерге алып барышы мүмкүн. Ал жакка баргыңыз келбесе дагы.

 

Колуңузга чопо кармоо менен сиз кудуреттүүсүң. Жашооңуз сиз берген формада болот. Сиз ага чопо сыяктуу мамиле кылганыңызда жашоо канча түрдүү формага ээ болоору таң калыштуу. Кээде жашооңуздан керектүү нерсени жасай аласыз жана ала аласыз.

Бирок этият болушуңуз керек: сиз ойлогондон такыр башка нерсени жасап алышыныз мүмкүн.

Маселе кантип жакшыраак жашоодо эмес: океандабы же колуңуздагы чопо мененби.

Экөөнүн тең туура жана туура эмес учуру бар.