Сөзсүз окуңуз. Жашоону жөн эле текке кетирип аткан болуп жүрбөңүз?

Керектүү нерсеби же убакытты текке кетирүүбү: өзүңүздү карап көрүңүз.

 

 

 

Бала кезде көбүбүз космонавт, саясатчы, аске же дарыгер болууну кыялданганбыз. Көпчүлүк биздин окурмандар ал кыялдарына жетти деп чын дилибизден ишенебиз. Бирок, дайым эле биз каалаган сценарий менен жашоо куралбайт, ал эми анын күнөөкөрү – биз өзүбүз!

Бүгүнкү биздин тизмекти кылдат окуп чыгыңыз, эгер андан өзүңүздү тапсаңыз, бул жаман кабар:

Сиз көп убакытты жана көңүлдү кереги жок нерселерге бөлөсүз. Мисалы, оюн, телевизор, интернет түшкү тамак менен ичимдик. Бул сиздин жарык келечектин негизин түзүп бере алабы? Күмөн санайбыз, демек, бир нерсе өзгөртүүгө убакыт келди.

Сиз арызданбай жашай албайсыз. Ооба, жашоо баарыбызды эле кыйнайт, бирок, ошону эле айта берсесиз, иш оңунан чыгып кетпейт да. Андан көрө жакшы нерсеге көңүл буруп, баарын өз таразалаңыз, антпесеңиз негативге түбөлүккө чөгүп кетесиз.

Мээни азыктандыруудан жалкоолоносуз. Өзүңүз үчүн жаңы нерселерди ачыңыз, жаңы маалыматтар менен азыктаныңыз, китеп болобу, кино же кызык адамдар менен баарлашуу болобу. Антпесеңиз, балыр гана өскөн, токтоп калган көлчүктү элестетип каласыз.

Сиз өзүңүзгө, келесоо, жалкоо жана алсыз адамдай мамиле кыласыз. Чынбы? Сиз көп нерсе кыла аласыз! Ооба, баары эле кыйын бизнесмен боло бербейт, бирок өзүңдү канааттандырып жана мүмкүнчүлүктөрүңүздү билип алуу – мына керек нерсе.

Сизди эч нерсе шыктандырбайт, жана келечекти пландоого көнгөн эмессиз. Кайгылуу, өтө кайгылуу! Эгер стимул жана так план болбосо, жакынкы аралыкта такыр эле токтоп каласыз.

Сиз көп жашоо энергияңызды, сизге өскөнгө жана өнүккөнгө тоскоолдук жараткан адамдарга коротосуз. Көп убактыңызды жана күчүңүздү телефонуңузга же компьютериңизге коротосуз. Алар сизге тоскоолдук жаратууда.

Сиз ресурстар менен каражаттарды өзүңүзгө кереги жок нерселерге жумшайсыз. Бул жогорку пунктка кайрылгандай сезилет, бирок акча менен материалдык байлыкка тиешелүү. Бюджетти пландаңыз.

Өз ден соолугуңузду карабайсыз. Физикалык дагы, моралдык дагы. Спорт менен машыгуу, туура тамактануу жана саламат уйку – ийгиликтин негиздери. Ошондой эле ага эрк жана жеңишке умтулуу да кирет.

Сизге мындай жашоо жагабы? Ойлонуп көрүңүз, өзүңүздү изилдеңиз жана азыртадан баштап чечим кабыл алыңыз: эмне каалайсыз жана кандай жашоо сизге жагат. Биз сизге ишенебиз!

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.