Жашоого ыраазы боло сүйлөгөнүн уга элекмин...

Качан жолукпа наалыганын токтотпойт. Анын айтымында жакын адамдарынын баары жамандай... Анын жашоосунун көңүлсүз болгонуна да жакындары күнөөлүү. Ким билсин... Чын эле ошондойбу?

 

 

Кечээ байкоосуздан жолугуп калдым. Аны көргөндө тегеренип качып кетким келет. Бирок, көрөгөчтүгүн кантейин... Алыстан кол булгап кыйкырып тосуп алат. Абдан жакшы курбусундай кайра-кайра өпкүлөгөнүчү. Бетимди чулгуп алгым келип, токтойм. Мен анын наалый берген сөздөрүнөн алыстагым келип, башка эле темада сөз баштайын дейм... Бирок, эмнеден баштаарымды билбей, көнүмүш суроомду бердим:

– Кандай?! Бала-бакыра, жашоо-турмуш жакшыбы?

Болду... Ушул суроо оозуман чыкты дегиче анын тажатма жообун уга баштайм. Адатта кыргыз баласы ооруп, кыйналып турса да “жакшы, баары жакшы...” – деген сөздү оозанчу эле го. Бирок, бул “мыйзамдын” ага эч кандай тиешеси жок. Мага анын сөздөрүнүн кызыгы барбы-жокпу, уккум келип турамбы, убактым кененби-тарбы – буга баары бирдей...

– Өлүп кетсинчи!

Кимди айтып турат? Же төл сөзүбү ким билсин, айтор кебин ушинтип баштайт.

– Баары тажатышты... Жанагы дүңкүйгөн күйөө сөрөйүмдүн жумуштан келе калып, талтыйып телевизор көрүп жатканы аз келгенсип, балдарым да отурушат сотка чукулашып... Сабак окугула деп кыйкыра берип жаагым ооручу болду. Атанарга окшоп кара жумушчу болуп каласыңар десем деле түшүнүшпөйт. Таңдан кечке аларга деп тамак жасамай... Кир жуумай... Аялдын жумушу аз келгенсип короо-жай да менин мойнумда. Биздин үйдө эркек жок! Баары мен кылышым керек.

 

– Күйөөң иштен келсе... Чарчайт да. Иштебей деле керелден кечке диванга көчүгүн жооруткандар бар. Иштеп, акча таап турганына тобо десең...

– Ээ койчу, ошонун тапканын... Мен деле тапмакмын иштесем!

– Анда иште да... Ансыз да турмушка чыкканы жумуштамын дегениңди уга элекмин. Же, иштедиң беле?

– Ай жок ай! Кайдан иштейм! Тигилерден бошобосом... Мен жумушка чыктым дегиче үй каралбай калбайбы, ботом!

– А сен биринчи иштеп көр.. Анан айтсаң...

– Ээ койчу сен да... Бирдеме десем эле иштебейсиңби дегендер кобойуп кетти.

– Мейли анда, – дедим мен: – Шашылыш элем... Күтүп жатышат.

 

Бурулуп кете берейин дегиче болбой шак колдон кармады:

– Коё турчу бир аз... Качан болсо шаша бересиң. Сөздөр бар...

– Эмне сөз? Башка күнү эле сүйлөшпөйлүбү...

– Башка күнү сен жолукмак белең? Андан көро азыр бир аз убактынды бөлүп койчу.

Көнүлчөөк жаным айла жоктон мейли дегендей жолдун боюна бастым:

– Жүрү анча болду тигиндейрээк отургучтарга отуралы... Болбосо ары-бери өткөндоргө тоскоол болуп жатабыз.

– Кафеге эле кирбейлиби? Курсак кандай?

– Жок ай... Ал жакка кирсек кеч кирип, тан атат. Андан көрө айтчу сөзүңдү айтып ал. Мен кетишим керек.

Эптеп эле батыраак кетиштин амалын кылдым. Шашылыш деле жумушум жок болчу. Шайыр-шатман, көңүл көтөрөөрлүк сөз сүйлөгөн бирөө-жарым болгонунда сүйлөшүп отура берүүдөн деле качпайт элем.

 

– Ай,– деди мага карап отургучка көчүк баскан соң:

– Сен дегеле кыйынсың! Дегеле кабак-кашым дебейсиң. Айтымында балдарың сонун! Жолдошуң алардан өтөт. Негизи үйдүн эркеги жакшы болсо балдар да жакшы болот да... Иштеген ишиң да бар. Жыргал эле сеники... Бактылуусуң! Эмнеге мага мындай бакыт буйруган эмес я?!

Баягы эле сөздөр экенин түшүндүм. Башкалардын жашоосуна көз артат. “Суктанганын” жашырбайт. Унчукпай ордуман турдум да жылмая тиктеп:

– Сүйүш керек! – дедим.

– Кимди? Үйдөгү кабагы ачылбаган немениби?!

Мени тан кала карады.

– Кимди болсо да.. Жүрөктө сүйүүсү жок адамга – баары көңүлсүз. Бүтүндөй жашооңду сүйө албасаң да, жок дегенде бир адамды сүйчү...

 

Бурулдум да жакшы кал дебестен кете бердим. Негедир эсиме да келбептир. Унчукпай кала берди. Билбейм эмнени түшүндү.

 

Автору Нурайым Шаршенбаева

Facebook барагыбызга жазылыңыз