Жашоодон эле алынган 9 күлкүлүү окуялар

 

 

 

Бир еврей машинесин токтотуп коюш үчүн жер издеп жатат.... Өчөшкөндөй ошол күнү машине коё турган бош жер жок... Еврей кудайдан сурады:
-Эй кудай, азыр менин машинемди токтотуп коюш үчүн бир жер таап берсен, сен үчүн күнү-түнү ибадат кылам, жалгыз сен үчүн орозо кармайм, сенин ыйык кылган мөмөлөрүңдөн гана жейм...
Ошол маалда бир машине ордунан жылып жай бошоп калды... Анда еврей:
- Кудайым, сен убара болбой эле кой, мен өзүм таап алдым, - дейт имиш...

Бир кишинин үйүнө конок келип, көп убакытка чейин жатып алыптыр... Бир күнү үй ээси андан:
- Балдарыңызды сагынбадыңызбы? - деп сураптыр. Ал болсо:
- Аябай сагындым. Бирок кечээ телеграмма жибердим, эртең келип калышса керек, - дейт имиш.

Имам жума хутбасында жамаатка кайрылып арак ичкендерди жемелеп жатты:
- Акчаңарды көчөгө чачасынар!
Пайда көргөн ким? Арак сатуучу!
Эң чоң дүкөн кимдики? Арак сатуучунуку!
Эң сонун үй кимдики? Арак сатуучунуку!
Эң сонун машине кимдики? Арак сатуучунуку!
Бул акчаны ага берген ким? Силерге окшогон акылсыздар!
Арадан эки жума өтүп, бир адам имамга келип, кучактап ыраазычылыгын билдирет:
- Сиздин жума хутбасында айткан насаатыныз менен жашоом оңолду.
Имам өзүнчө ыраазы:
- Азаматсың, аракты таштагандын жакшылыгын акыретте да көрөсүң.
Адам имамды токтото калып:
- Мен аракты таштаган жокмун, арак саткан дүкөн ачтым, - дептир

- Уктуңбу, Таалай больницада жатат экен...
- Койчу, эй, мен аны кечээ эле көрдүм го... Бир сулуу кыз менен басып жүрдү эле...
- Ошол сулуу кыз менен басып жүргөнүн аялы да көрүптүр да...

Күйөөсү командировкада жүрүп аялына СМС жазат экен:
«Бул ай айлыгымдан сага акча жөнөтө албай калдым, анын ордуна 100 өбүш жөнөтүп жатам. Сени сүйөм, Өмүрлүк жарың»

Анда аялы жооп жазат дейт: «Жөнөткөн 100 өбүшүң үчүн чоң рахмат, аны төмөндөгүдөй колдондум:
1. Свет текшерген электрикке 7 өбүш,
2. Газ текшерген кишиге 8 өбүш,
3. Магазинчиге 25 өбүш,
4. Дагы 20 өбүштү башка майда нерселерге колдондум.
Мага кабатыр болбо, дагы 40 өбүш калды, бул айдын аягына чейин жетет.
Кийинки айга да ушундай план кылайынбы же ойлонуп көрөсүнбү?
Сүйгөн аялың».

Сексология сабагы боюнча мугалим:
- Статистика боюнча: 18% аял заты дайыма каалайт, 23% оралдык сексти сүйүшөт, 38% күйөөлөрүнүн көздөрүнө чөп салат...
Арттагы партада отурган бир студент:
- Статистика өлүп кетсин, бизге аттары, даректери жана телефондору керек! 

Көңүл бургула!
Урматтуу студенттер!
Силерден сураныч, университетке айдап келген машинеңерди бираз бири-бирине жакын койгула, мугалимдердин велосипеддери батпай жатат...

Деканат

Реклама агенти жаңы товарын реклама кылуу үчүн үйлөрдөн бирине келди.
- Билесизби килем менен байланыштуу кээ бир көңүлсүздүктөр болуп турат. Мисалы... - деп колундагы боёкту жаңы килемге төгүп салат.
Үй ээси башын кармап отуруп калат.
- Биздин жаңы товарыбыздын жардамы менен килемдеги проблема тууралуу эч кайгырбайсыз.
- Жаңы порошокпу, ал, силердин товарыңар?
- Жок, бул жаңы тынчтандыруучу дары.

Витторио Де Сика айтчу экен:

"Аялдар жок нерседен 3 нерсе кыла алат: салат, шляпа, жаңжал".

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.