Жашоодо жок дегенде бир жолу кылып көрчү 22 нерсе

Жашоону, эстегенге бир нерсе калаарлык кылып жашап өтүш керек. Бул үчүн акылга сыйбаган кылык жоруктарды кылса болот.

Мурун болуп көрбөгөн жаңы нерселерди жасап унутулгус жашоодо жашап өтүш керек.

Окурмандарыбызга «30 жашка чейин эмне кылышым керек» деген өзүнүн планын түзүп алышын сунуштайбыз.

Төмөндө берилген тизмеден да кошсоңуздар болот.

 

 

1. Өзүңүздү жердин четинде сезгендей болгон чыныгы экзотикалык жерге саякат кылыңыз.

2. Кандайдыр бир музыкалык фестивалга барып, тааныш эмес адамдардын арасында көңүл ачыңыз.

3. Марафон же жарым марафон чуркап өтүңүз.

4. Жылаңач сууга түшүңүз.

5. Өзүңүзгө таандык болгон тамак жасаганды үйрөнүп, досторуңузду жана жакындарыңызды кубантыңыз. 

6. Өзүңүздүн генеалогикалык багыңызды түзүңүз. Жаңы ачылыштарды тартуулайт.

7. Банджи-жампингде же парашютта секирип көрүңүз.

8. Тааныш эмес шаарда түнү менен калыңыз.

9. Коктейл жасаганды үйрөнүңүз.

10. Микрофон кармап караоке-барда ырдаңыз. Үнүңүз жок болсо дагы, сценадан корксоңуз дагы.

11. Дайвинг же жок дегенде акваланг менен сууга түшүп көрүңүз.

12. Башка өлкөгө барып адашып көрүңүз. Бул окуя саякатты унутулгус кылат.

 

13. Тоого чыгыңыз. Сөзсүз эле Жеңиш чокусуна эмес.

14. Жылдыздардын алдына түн өткөрүңүз.

15. Түшүнгөнгө аракет да кылбаган, бирок кызыгып жүргөн нерсеңиздин курсуна барыңыз. Мисалы: гончардык иш, жазуучулар курсу, гольф.

16. Өзүңдү жакшы физикалык формага алып келиңиз.

17. Ыктыярчылык аракеттерди кылып көрүңүз.

18. Чыныгы кымбат адамды табыңыз.

19. Жалгыз саякатка чыгыңыз. Коркунучтуу угулат, бирок чынында кызык.

20. Башкы спорттук окуяга барыңыз — Кубок, Суперкубок, Дүйнө Чемпионаты. Эмне болбосун.

21. Эс алууда чоочун адамдар менен бир бөлмөгө жайгашыңыз, мисалы хостел. Жакшы досторду табаарыңызга кепилдик бар.

22. Бир күнгө же бир жумага телефонуңузду өчүрүп коюңуз.