Уоррена Баффеттен “Сиздин байлыгыңыздын сыры эмнеде?” деп сурашканда, миллионер күнүнө 500 барак китеп окуурун айткан.
Иштен соң чарчап-чаалыгып келебиз, китеп окуганга деле убакыт болбойт. Ошондой болсо да күнүгө 500 болбосо да бир нече барак китеп окуп турсак болмок. Биз кеп кыла турган китептерди бир саат эмес бир күн окусаң да аздык кылат. Өзүңдү өнүктүрүүгө убакыт сарпташың керек, туурабы?
Бир нерсеге эле бушайман боло беребиз. Эмне үчүн деп, өзүңө-өзүң суроо бердиң беле? Каалайбызбы, каалабайбызбы оюбуз бир чекитти тегеринип-айланып эле жүрө берет. Муну жеңүү үчүн бизди кейитип жаткан көйгөйдүн эмнеден башталганын аныктап алышыбыз керек, кырдаалга анализ жасоо зарыл. Дейл Карнеги көйгөйдүн түп-тамыран бери карап чыга турган өлөс-өчпөс формуланы жараткан. Китептен мына ушул тууралуу пайдалуу маалымат алсаңыз болот.
Эмоция, уйгу-туйгу сезимдер жашообузду бийлеп алганын кээде байкасак, кээде байкабай көндүм адат катары эле кабыл алабыз. Андан да жаманы, ал балакет бизге зыяндуу экенин билсек да акыл-эсти жапырып өткөн сезим толкуну адамды башкарып алганы алган. Гоулман китебинде канткенде адам эмоцияны ооздуктап, акыл-эстүү чечимдерди кабыл ала алаарын жазган.
«Эмоциональный интеллект. Почему он может значить больше, чем IQ» Дэниел Гоулман
Китепте аз убакытта көп ишти жасоого үлгүрүү тууралуу таасирлүү сунуштар берилген. Бул китеп 40 тилге которулуп, эң көп сатылган китеп катары белгилүү. Китепти окуп убакытты туура пландап, аз мөөнөттө көп иш бүткөргөнгө үйрөнсө аласың.
«Выйди из зоны комфорта. Измени свою жизнь. 21 метод повышения личной эффективности» Брайан Трейси
Калыптанып калган көз караштарга карабай, топ жарып чыгып өз максатыңа жете аласыңбы? Же баары күткөндөй эле мектепти аяктап, университетке тапшырып, анан турмушка чыгып балалуу болосуңбу? Жок мен башкача жолду тандагым келет дегендерге бул китеп жардам берет.
Көп акча тапкың келет, мансап тепкичтеринен жогоруласам деп кыялданасың. Жашоодогу баалуулуктарды туура багыттай алдыңбы? Үй бүлөңдөн, досторуңдан дагы каалаган максатыңды артык көрөсүңбү, аны ишке ашырууга даярсыңбы? Жашоодогу башкы багытты аныктап, сага эмне керектигин билүүгө бул китеп туура багыт көрсөтөт.
5. «Стратегия жизни» Джеймс Оллворт, Карен Диллон, Клейтон Кристенсен
"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.