Жаш жигит асынып өлөм деп, колуна жип алып, токойго карап бет алыптыр

Жаш жигит асынып өлөм деп, колуна жип алып, токойго карап бет алыптыр. Ага бир карыя жолугуптур. Бейтаныш жигиттин жүзүнө үңүлгөн чал:

- Жүзүң жабыркалуу го. Не болду? - деп сураптыр. Жигит:

- Үй-бүлөмдө оор жагдай орун алды. Мен өлүүгө бел буудум, асынып өлөм - дейт. Кандай жагдай болсо да, чечүүгө боло турганын айткан карыя, жигитти сөзгө тартып, сөзүнө кулак салды...

 

 

- Мен бойго жеткен кызы бар, жесир аялга үйлөнгөн элем. Анан өз атам аялымдын кызына ашык болуп, экөө үйлөнүп алды. Ошентип, атам өгөй кызымдын күйөөсү болду. А мен - атамдын кайын атасы болдум. Эми, аялым бир бала төрөсө, ал - атамдын небереси болмок. Өз кезинде, менин балам - атамдын аялынын бир тууганы болот. Негизинде, ал - менин балам. Атамдын аялы - бир бала төрөсө, ал - менин иним болот жана неберем болот. Анткени, ал - аялымдын небереси го! Аялым - инимдин тайэнеси болот. А менин балам атамдын баласынын иниси болот. Анын кызына атамдын аялы жеңе болот. Жеңеси менин кызым болот. А менин аялым атамдын аялына - ... дей бергенде алиги карыя, жигитти токтотуп:

- Эээ кетчи э... өляяя, бар асылылып өлчү! Мээмди ачытып таштадың! - деп, жолго салыптыр.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.