Жаш көрүнгүң келеби? ...анда бул 2 ыкманы колдон

Индиялык актриса Приянка Чопра тууралуу уккан чыгаарсыз?  Болливуддун гана эмес дүйнөлүк сулуулук эталону болгон Чопре айым 2000-жылы “Дүйнө сулуусу” сынагынын жеңүүчүсү  деген сыймыктуу титулду жеңип алган.

Анда эмесе, атактуу  Приянканын сулуулук сырларын окурмандарга айтып берели.

 

Өз курагыңдан кантип жаш көрүнсөң болот?

Приянка чач жана беттин терисине өзгөчө кам көрүү керек деп эсептейт. Сулуулугун жана жаштыгын сактоо үчүн индиялык сулуулар ханышасы табыгый азыктарды колдонгон. Бул тууралуу сиздерге айтып беребиз.

Кундуздай кулпунган чачына Приянка ысык майды колдонот. Бетине лимон ширеси кошулган йогуртту сүйкөйт.
 

Чачка коюлуучу маскага керектүү азыктар:
250 мл суу
1 аш кашык  олив майы
1  аш кашык жожоба майы

Колдонуу эрежеси:
Майды сүйкөөр алдында чачты жакшылап жууп-тарап алыңыз.

Орточо көлөмдөгү табакка 250 мл суу куюп жай отко жылытып алуу керек.

Кичинекей чөйчөккө олив жана жожоба майын аралаштырып, аны ысыган сууга салыш керек.
Майды өтө ысытпай, кайнатпай ысытып алыш керек.

Чачты суулап, андан соң чачтын түбүнөн учуна чейин майлап алабыз.

Башыбызга полиэтилен топусун кийип, сыртынан сүлгү менен ороп коебуз.

20 мүнөттөн кийин башыбызды жакшылап жууйбуз.

Мындай ыкманы жумасына 1 жолу жасап турушубуз керек. Жыйынтыгында чачыбыз кундуздай кулпуруп чыга келет.
 

 

Бетке коюлуучу маскага керектүү азыктар:
1 аш кашык табыгый йогурт
1 аш кашык лимон ширеси

Колдонуу ыкмасы:
Йогурт менен лимон ширесин аралаштырып бетке жабабыз.

Көздүн тегерегине тийгизбеш керек.

Масканы 15–20 мүнөт коебуз.

Андан соң бетти чайкайбыз, чайканганга ромашка суусун колдонсок таасири жакшы болот.

Бул масканы үйдөн чыгаар алдында жасабаш керек. Анткени бетти кызартып жиберет. Себеби йогуртта сүт кислотасы бар. Андыктан масканы жатаар алдында, түнкүсүн жасаганыбыз ыңгайлуу.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.