Жаш балаңызга эч качан кыйкырбаш керек экенинин маанилүү себеби

Тарбиялоо үчүн кыйкырыкты колдонгон учурлар болоорун моюнга алышыбыз керек. Чындыгында кээде кармана албайсың. Бул баланы тил алдыруунун эң таасирдүү жана бат ыкмасы. 

Бирок эч качан мындай кылбаш керек экенинин эң маанилүү себеби бар. 

 

 

Кыйкырык менен тартипке үйрөтүп, жүрүм-турумун өзгөртөм деп ойлобоңуз. Кыска гана убакытка майнап берип, ортоңордогу ишенимди жоготот. 

Эмне үчүн балага кыйкырбаш керек: кыйкырыгыңыз үчүн бала сизден коркуп баштайт.

Сиз айткандын баарын аткарат, бирок корккону үчүн.

 

Кыйкырганда абалды көзөмөлдөн чыгарып коесуз. Бала сизге ишенбей калат, анын алдында эң чоң кемчилигиңизди - өзүңүздү кармай албаганыңызды көрсөтөсүз. 

Балага түшүнүп боорукерлик менен мамиле кылсаңыз, кийин чоңойгондо сизге сабырдуулук жана сүйүү менен мамиле кылат.

 

Тарбиялоо максатында балага кыйкырбаңыз, андай бала сиздин алдыңызда коркунуч сезимине гана ээ болот. Сиздин өтүнүчүңүздү сизди сыйлап, капа кылбаш үчүн аткарышы керек. 

Жаш балдар губка сыяктуу: сизден чыккан позитивди да негативди да, баарын сиңирип алат. Адаттарыңызды жана сөздөрүңүздү көчүрүп алып, чоңойгондо колдонушат. 

 

Алтын эрежени эсиңизден чыгарбаңыз: Балаңыз баары бир өзүңүзгө окшош болот. Балаңызды тарбиялагандан мурун, өзүңүздү тарбиялаңыз.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.