Жасалма жамбаш, бут, тиш, чач. Аялдар эркектерди кантип алдашат?

Азыркы заманда укмуштуудай түрү суук адамды да макияждын жардамы менен кандай сулуу кылып койгондорун көрүп эле жүрөбүз. Аялдар аны менен гана токтоп калышпай дене мүчөнү да сулуу кылып көргөзүштүн амалын издегенди токтотпой келишет.

 

 

Кийме чач

Чач суюк болсо же сулуу көкүлдүү болгулары келгендерге кошулма чач эбак эле чыккан. Жада калса Алла Пугачева дагы аны менен колдонот экен. Ал үчүн атайын салонго баруунун да кереги жок дүкөндөн өзүңүзгө жакканын тандап алып чачыңызга чаптап койгон жетиштүү болот.

Кийме тиш

Тишиңиз сары же түз эмеспи. Ал үчүн дагы тиш доктурга баруу талап кылынбайт. Интернеттен каалагандай тишти тандап сатып алсаңыз болот. Маңдайкы тиштерге чаптап койуучу мындай кийме тиштердин баасы 200 сомдон жогору.

 
Жасалма жамбаш

Айлап жылдап машыгуунун кереги жок. Мындай кийип ала турган жамбаштын көлөмүн тандап алып эле кийип чыксаңыз болот. Атайын кездеменин алдына силикон салынып жасалган жамбашты чыныгы жамбаш менен айрымалоо кыйынга турат. Эгер жигитиңизге жасалма жамбаш, тиш кийме чач,менен кармалып калсаңыз анда мамилеңиздерге чекит коюлушу турган иш.

 
Тартылган төш

Төштү чоңойтуу ар бир 2-аялдын эңсөөсү экени турган иш. Кымбат операцияга баары эле бара беришпейт. А мындай макияждын жардамы менен ар бир аял төшүн чоңойтуп алса болот. Албетте көрүнүшү гана чоңойот. Мындай төштү капталынан краганда дароо билинип калат.

 
Жасалма бут

Баарын жасап бүтүшүп эми кезек бутка келиптир. Буту кыйшыктарга атайын чапталма эт чыккан! Буттун ички бетине силикондон жасалган атайын чаптоочту чаптап алса бут түз көрүнүп калат экен.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.