Жаңы жылдык гороскоп: Сары Ит сабырдуу, чыдамкай, мээнеткечтерге жардам берет

2018-жыл Чыгыш бал китебинде  Жер белгисиндеги Сары Ит жылы. Жыл көпчүлүк адамдар үчүн  өткөн жылга караганда жагымдуу жана жемиштүү  болот. Ит жылы  европалыктардын эсеби боюнча 16-февралдан башталат, ал эми Чыгыш элдери Ит жылын 21-марттан баштап жыл эсебине киргизишет. Андыктан Кызыл Короз ээлик кылган бир жарым, эки ай аралыгында жагымсыз окуяларга кабылбайын десеңиз абайланыз. Дегиңкиси Сары Ит сабырдуу, чыдамкай, мээнеткечтерге жардам берет. Адилеттүү чечимдерди кабыл алып, куулук-шумдуктан алыс болгон ак пейил адамдар ийгиликке жетишет.

 

 

Чычкан жыл сайын жашоодон баарын алып калууну көздөгөн максималист. Бирок, Ит жылы анын каалганындай боло бербейт. Чычкан үчүн бир гана жол бар: “ Муз тепкиң келсе, чана көтөргөндөн тажаба” дегендей, капчыгын калыңдаткысы келген Чычкандар жанталашып иштесе, акыбетин күзгө тарта көрө башташат. Жыйынтыгы албетте, жаман болбойт. Үй бүлө быйыл Чычканды эс алдыра турган оазис сыяктуу. Жалгыз бой чычкандар үчүн көптөн күткөн жолугушуулар болот. Чычкандардын башына баш кошулат, урушкан тууган-туушкандары менен жарашат. Улам артка жылдыра бербей, ден соолугун убагында текшерип турушу кажет.

Уй бул жылы Иттин колдоосуна ээ болот да,  аракеттене баштайт. Акча каражаттары негизги документтерди бүтүрүүгө жумшалат. Ири келишимдер түзүлүп, сатып алуу, сатуу сыяктуу жагымдуу иштер менен алектенишет. Кыймылсыз мүлк,  курулуш иштерине аралашса ийгиликтүү болот. Жеке жашоодо Уйлар үй бүлөсүнүн  ичинде эс алып, бала-чакасынын ийгилигине кубанат. Бул жагдай  анын ден соолугуна да жакшы таасирин тийгизет.

Ит  мышык тобундагы Жолборсту жактыра бербейт. Андыктан жолборстор жеке күчүнө гана ишениши керек. Жакшы иштерди жасоого жолборстордун күчү жетет. Сары ит Жолборсту  канчалык жек көрбөсүн жазга маал иши ийгиликтүү болот.  Жеке жашоодо жолборс өзүн абдан көзөмөлдөшү керек. Жаман адаттар, ачуулануу, башына үйүлгөн балакеттин баарын башкалардан көргөн шекчил табияты жолборстун ден соолугуна терс таасир тийгизип, тамак сиңирүү органдарын жабыркатат.

Коен же мышыкты дагы Ит анчалык жактырбайт. Бирок, Коендор корко бербей, жасай турган жумуштарын акырындап баштай бергендери оң. Анткени жолдуу коендор кандай кырдаал болбосун бул жолу деле суудан кургак чыгышат. Коендун абалы өзүнө көз каранды. Депрессияга батпай,  ачуу душман, акыл дос деп, шайыр-шатман болсо баары ойдогудай болот жана жолдуулугу  күчөп, иши дагы оңунан чыгат.

Ажыдаар Ит жактырып жардам бергендердин катарында. Биринчи кезекте Ажыдаар жер, батир, дача сатып алуу, үй салуу, курулуш, ремонт иштерине көңүл бурушу зарыл. Анткени Ит жылында ажыдаарлар бул тармакта чоң ийгиликке жетишет. Мансап тепкичтерине жогорулап, атактуу болушат. Жеке жашоодо дагы баары ойдогудай. Эң башкы коркунуч ажыдаар үчүн ден соолук жаатында. Ажыдаардын саламаттыгы чарчап чаалыгып иштегенден эмес, жеке турмушуна байланыштуу болот. Ошондуктан көп ойноп күлө бербей, шаан-шөкөттүн да чегин билиш керек.

Табият тартуулаган акылы менен Жылан бул жылы кандай гана кыйынчылыктар болбосун камырдан кыл сууругандай кутулат.  Жагымдуу учур башталганда Жыландар көңүл чордонунда болушат. Башкалар ойлонуп, аракет кылганча  алысты көрө билген Жылаандар жылуу орунду ээлеп калышат. Каражат жаатында баары эң сонун чечилет. Жылаан Ит жылында чыдамкай болуп, дароо аракет көргөнү оң. Жылдын жагымдуу болуп турганын сезген жылаан уктап жата бербей, бардык ишти ирээтеп, баарын өз ордуна коюшу керек. Жылаандар ден соолукка жоопкерчиликтүү мамиле жасаганы туура. Эс алууга убакыт таап, курортторго барышы керек.

Жылкы Сары Ит менен жакшы тил табышат. Жылкылардын ити чөп жеп чоң байлыкка ээ болушу күтүлөт. Жыл бою Жылкыны ийгилик коштойт. Жакшы эс алып, чоң суммада акча табат. Жеке жашоосунда дагы андан өткөн бактылуу адам жок. Көпчүлүк жылкылар түгөйүн табат, айрымдары балалуу да болушат. Күзгө тарта иштен чарчаган жылкылар бутун кенен жайып, жакшылап эс алууга тийиш.

Койдун каражат табышы, ийгиликтери анын  жеке абалына анан аракетине көз каранды. Өткөн жылдар койлорго  түйшүктүү болгон, муну сезимтал кой жон териси менен сезип жабыркаган. Эми Кой кубаныч менен жаңы жылды тосуп, кубанып турат. Ит жылы койлорго көптөн күткөн тынч мезгил келет. Ит жылы койлор жанына жагымдуу иштерди улантып, көңүлүнө жакпаган ишке киришпей койгону оң. Ден соолугу да анын жеке өзүнө байланыштуу. Өзүн жагымдуу абалда алып жүрсө көңүлү көтөрүлүп, саламаттыгы да чыңдалат.

Маймыл жылдан жакшы нерселерди күтөт. Башкысы маймыл эмнени каалап жатканын өзү так билиши керек. Ит маймылга жолтоо болбойт, керектүү жолду тандап алууга шарт түзөт. Бирок, маймыл адатынча бир учурда эки дасторконго олтургусу келет. Мындай адатын таштабаса жагымсыз окуяларга кептелет. Эгер маймыл эл менен эсептешип өзүн жакшы алып жүрсө күзгө жакын жакшы жыйынтыктарды алып кубанат.  Жеке жашоодо  өзгөчө  маймыл мырзалар ала жипти көп аттай башташат. Сары ит адамдардын  ишенимдүү болгонун жакшы көрөт андыктан көзгө чөп салганды жактырбайт. Маймылдардын бул жылы башкы душманы – арак, ашыра тамак тоё жеп, уйкусун кандыра уктабаганы. Ден соолукту сактагысы келгендер бул адаттардан арылышы керек.

Тоок жылындагылар болсо короздой койкоңдой бербей жакшылап эмгектенсе ири каражат табышат. Бирок тооктор “баары же эч нерсе” деген девиз менен жашагандыктан, саргара күткөндү жактырышпайт. Жеке жашоосунда да тоок баарын жакшылап ойлонууга тийиш.  Коштошуулар жана кечирүүлөр анын турмушунда башкы ролду ойнойт. Короздор бул жылы тамак, кулкун, өпкө ооруларынан сактанышы керек.

Итке эң сонун учур башталды. Бул жыл Итке ийгиликтин жети эшигин ачат. Ал сүймөнчүлүккө арзыйт. Мансап тепкичтеринен жогорулайт, акчаны арбын табат. Жеке жашоосунда ага мурун тоскоол болгон жагдайлардан арылат. Болгону ит жакшы кырдаалдарга кубанып, ийгиликтин толкунунда толкундай бербей, ден соолукка көңүл бурушу зарыл.

Доңуздар үчүн жыл жаман эмес. Өзгөчө жагымдуу мезгил жаз-жай айлары. Жалкоолонбой  эртерээк аракет кылан доңуздардын иши илгерилейт. Капчыгын калың болгондуктан жакшылап эс алууну ойлонот. Доңузду жеке жашоодо жакшы өзгөрүүлөр күтүп турат. Баарын кечеңдетип, эртеңкиге калтыра бербей эрте камылга көрүшү абзел. Негизинен ит жылында доңуз кубанып, жашоонун жакшылыктарына ортоктош болот.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.