Жаңы жылда бул белектерди бербегиле!

Бул нерсе жылда кайталанат. Баарыбыз күтүп жаңы жылды жакшы тособуз деп жаткан учурда жакын адамыбыз келип жылдагыдай эле жаңы жылдын белгиси бар сувенирди белек кылып бергенде маанайыбыз түшүп калат.  Азыр сизге айтып беребиз жаңы жылдык майрамга адамдын көңүлүн түшүрүп албас үчүн эмнени белекке бербеш керек.

 

 

Календарь

Эч маанисиз кагазды коротуу болуу саналат. Азыркы заманда кагаз календардын эч кимге кереги жок! Биринчиден ал телефондо бар, экинчиден календарь керек бологон адам атайын тандап дубалга иле турганын, чоңун, өзүнө жакканын тандап алат. Же сага чейин эле берип коюшкан болот. Иши кылып бул нерсени эч кимге белек кылбай эле кой.

 

 

 
Косметика жана тазалоо каражаттары

Бул нерселерди берип эч качан адамды кубанта албайсыз. Ал адамга же жыты жакпай калат же чыгарган фирмасы жакпайт. Атыр, самын, шампунь сыяктуу нерселерди бербеңиз, сизге чейин эле өзү алып алган.

 

 

 
Аксессуар

Капчык, кол кап, байпак сыяктуу нерселер да эң популярдуу белектер болуп саналат бирок алып жаткан кишини булар менен таң калдыра албайсың. Эми мындай алысыраак адамдарга же жумуштагыларга берсе болот бирок жакын адамыңызды кубанткыңыз келсе бул нерселерди албаңыз.

 

 

 
Жаңы жылдын символуна байланыштуу буюмдар

Дүкөндөрдө жаңы жылдын же кыштын, кардын байланышы бологон белектер да абдан көп сатыла баштайт эмеспи. Жаңы жылга чейин айланын баары ушундай нерселерге толуп, кайсы жакты карабагын балаты, оюнчук, кар, кыш дегендей. Адамдын аң сезими көнүп калат экен да анан белек алып жаткан учурда ушундайларга байланышы бар буюм же оюнчук алып жатса эч кубануу же таң калуу болбойт экен.

 

 

 
Үй-тиричилик буюмдар

Жакын адамыңа сюрприз кылып үйгө керектүү бир белек алып берейин десең анда анын өзүн дүкөнгө алып барып өзүнө жакканын тандатып алап берсең туура болот. Болбосо сюрприз кылып кубандырам деген оюң ишке ашпай калуусу толук мүмкүн.

Булар кандай белек жакын адамга бергенге болбойт деген макала болду, эми жакын адамыңдын кубануусун көрүү үчүн кандай белек бериш керек экенин билгиң келсе анда бул сайтка баттан кирип турсаңыз жакында чыгат.

 

 

Facebook барагыбызга жазылыңыз