Жамандыкты ойлобо - ооруга чалдыгасың. Баары окушу керек

Байыркы доордун атактуу дарыгерлеринин бири Авиценна: "Дарыгердин ооруга каршы күрөшүүдө үч каражаты бар - сөз, өсүмдүк, бычак", - деп айткан.

 

Көңүл буруңуз - сөз биринчи орунда.

 

Париждеги ооруканалардын биринде, жаш психолог Эмили Кейи, өзүнүн тобокелчилигине салып, башкы дарыгердин айтканы деп, пациенттерине күнүнө үч жолу үн чыгарып "Күн өткөн сайын өзүмдү жакшыраак сезип жатам" деген фразаны 10 жолу кайталатып айттырган.

Жана муну жөн эле механикалык түрдө эмес, мүмкүн болушунча ошол сөздөргө ишенип кайталап айтууга чакырган.

Эмне болду деп ойлойсуз?

Бир айдын ичинде бул врачтын пациенттери оорукананын медициналык кызматкерлеринин, андан кийин бүтүндөй Франциянын жаңылыктарынын негизги булагы болуп калышты.

Таң калыштуу, бирок чындык: катуу оорулуулар бир айдын ичинде айыгышып, кээ бир бейтаптарда хирургиялык кийлигишүү зарылдыгы да жоголгон.

Башкача айтканда, байыркы доордун улуу илимпозу Парацелстин "ишеним кереметтерди жаратат " - деп ырастаган гипотезасы тастыкталды.

Биздин ден соолугубуз ой жүгүртүүбүздүн түздөн-түз натыйжасы.

Адамдардын психикалык жана физикалык абалынын ортосунда түз байланыш бар экенинде күмөн жок.

Жамандыкты ойлобо - ооруга чалдыгасың!!!

Эң маанилүү психологиялык мыйзамдардын биринде мындай делет: сүйүүнүн, боорукердиктин жана суктануунун оозеки түрдө билдирилиши ал кайрылган адамдын жашоосунун энергиясын жогорулатат. Ал эми жаман жана жагымсыз сөздөр угуучунун энергиясын азайтат.

Жаман ойлор менен байланышкан оорулардын жалпы саны туруктуу өсүүнү улантууда. Аларга каршы туруу үчүн, байыркы даанышмандардын кеңешине баш ийип - канчалык оор болсо да жашоодон ырахат алуу керек!

Демек, адамдын ден соолугу, жашоосу жана тагдыры анын ойлорунан түз көз каранды. Жакшылыкты ойлонуп - жакшылык күт.

Жамандыкты ойлосоң, жамандыкты аласың. Биз дайыма ойлонуп жүргөн нерселер мындай болушу керек же болушу мүмкүн деген ишенимге айланат. Жана бул ишеним бир нерсени жаратат...

Ошон үчүн бүгүндөн баштап биз жакшылыкты гана ойлоп, жакшылыкка гана үмүт кыла баштайлы.

Бирок, майда-чүйдө нерселер жөнүндө эч качан тынчсызданбаңыз!

Жүрөк пристубу жана инфаркттын алдын алуу боюнча таанылган адис, америкалык кардиолог Роберт Элиоттун эки алтын эрежесин эске алалы.

Биринчи эреже: Майда-чүйдөлөргө капа болбо.

Экинчи эреже: Баары майда-чүйдө.

Ден соолукта болуңуз! Сизге кымбат адамдарга жөнөтүңүз!

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.