Жалгыздыкта кала турган эркектердин 9 тиби

Жалгыздыктагы аялдар тууралуу жазып бүткөн соң, ошол сыяктуу эркектер жөнүндө маалымат издеп жатып, эркектер эмне үчүн жалгыз экенин талкуулаган форум көрүп калдым. Таң калычтуу. Кээ бир себеби үстүртөн эле белгилүү болсо, кээ бири жаңылык болду. Силер да окуп көргүлө.

 

 

1. Айгыр

Мени эркектерге жаман мамиле кылат деп күнөөлөбөшүңөр үчүн чын эле кереги жок дегендерден баштайын. "Айгыр" жаратылышынан байыркы каарманга окшош. Жанынан өтсөң кылчаясың, ичиң уйгу-туйгу болот. Кебетеси эле өмүр бою чоң жана таза сүйүү тартуулачудай сезилет, муну өзү да билет. Бою узун, кең далылуу, чымыр дене, машыгат. Кыздар баласына жакшы ата болот деп өздөрү эле жабышат. Ал үйлөнгөнгө шашпайт. Баары колунда болсо, үйлөнүп эмне кереги бар.

2. Апасынын баласы

Айгырдын карама каршысы – апасынын баласы. Ар кандай себептер менен 30 жашында ата-энеси менен чогу турган эркек жөнүндө эмес, жекшемби күнү апасынын тамагын жегенге жөнөгөн эркек жөнүндө да эмес. Бул нормалдуу көрүнүш. Кеп кичине кезинен, энеси тирүү оюнчукка айлантып алган балдары жөнүндө.

Балдар менен көчөгө чыккан эмес, кыздарды бир километр жакын жолоткон эмес. Энеси өзү үчүн чоңойтуп жатканын какшанып айтып турган, алыс кетпеши үчүн кичинесинен эле канаттарын сындырып койгон.

Чоң эле эркек көрүнгөнү менен жаш баладан айырмасы жок. Үйдөн алыс эки жака чыкпашы үчүн паспорту да жок. Энеси өлгөнчө 55 жашка чыкканча энесинин этегинен чыкпай жашайт. Анан максатсыз эшике чыгып эки жака басат, бирок, бир нерсе өзгөрткөнгө кеч болуп калган.

3. Император

Апасы жалгыз болуп баласына көз каранды, бирок кичине адекваттуу болсо баласы император болот. Падыша кичине кезинен баардык жакшы нерсе аныкы экенине көнгөн. Торттун гүлү аныкы, апасынын жарым айлыгындай турган оюнчук аныкы. Башкача болушу мүмкүн эмес. Ошентип кичинесинен тиран, кежир жана кыйкымчыл жалкоо болуп чоңоет. Анысы аз келгенсип эң эле мыктылардын маниясы менен.

Анын кебетеге, билимге жана тарбияга болгон талабы өтө жогору болгондуктан, бир дагы тирүү аял туура келбейт. Ошол эле убакта император өзү, дүйнөдөгү эң орто же ортодон да ылдый болушу мүмкүн. Бирок, канышаларды талап кылганга бул жолтоо болбойт.

4. Таланттуу колдор

Эркектин физиологиясында өзгөчө кыйроого учураган механизм жөнүндө окуп калдым. Кыскача айтканда кандайдыр бир убакытты аялсыз өткөргөндөн кийин аялды такыр эле каалабай калат. Муну мен ойлоп тапкан жокмун, эркектер өздөрү байкашкан. Дүүлүккөнгө жана бошонгонго аялдын жылуу денеси эмес, монитор менен мышка жетиштүү. Реалдүү тирүү аял менен эч нерсе болбойт (форумда бул жөнүндө окуялар жазылган). Эки үч жолу жолу болбогондон кийин экинчи аракет да кылгысы келбей калат да, виртуалдуу дүйнөгө сүңгүйт.

5. Романтик

Жогоруда айтканымдай, белгилүү бир убакытка чейин аялы жок жүргөн эркекке, андан кийин аял деле кереги жок болуп калат. Катуу талап кылган жана адептүү ата-энеси тарбиялаган таза жана жаркыраган романтик балдарда да ушундай. "Кеч балалыктын" негизги талапкери.

Кичине кезинен кызды "бузуп", "жашоосун талкалагандан" коркутуп коюшкан. Эгерде кыз болуп чыкса адептүү адам катары ага үйлөнүш керек экенин билет. Ал эми үйлөнүш үчүн билим алыш керек, үй алганга жакшы иштеп табыш керек... талаптардын тизмеси учу кыйры жок.

Ошентип 27 жашына чейин “бала” боюнча калат. Комплекс жана коркунуч өсөт. Эгер эркек акылдуу болсо психологго кайрылат, сулуу болсо аялдар өздөрү баса калат. Акылдуу да, сулуу да эмес болсочу?

6. Кыз издегич Маамыт

Романтиктин карама каршысы. Жалаң кыздар менен мамиле кургусу келет. Тегеректин баары шуркуялар деп бардын баарын кыдырат, керебеттен керебетке секирет. Таза жана жаркыраган кызды издеп таппайт. Себеби таза, жаркыраган кыздарга таза балдар керек. Үйлөнгөнгө эч ким жок дейт.

7. Кысылган

Кээ бир эркектер кичине кезинен эле бир да аял тешип өтө албаган калың комплекстин арасында өсөт. Бир эле жумурткасы бар, мүчөсү кичинекей ж.б.у.с. патологияны элестетип алган. Аял аны "зордуктап" салганча ушул ойлору менен жашайт. Өзүнөн улуу, ачык айрым, эр жүрөк аялдарды тандайт да, ошондо гана толук кандуу жашап жашоо жыргалын сезип баштайт.

8. Фобиялары менен

Акыркы күндө эркектердин эң башкы фобиясы СПИД, же жыныстык жактан жуга турган ар кандай оорулар. Же аял менен жыныстык катнашта болгондон кийин, аял зордуктады деп арызданат деп ойлойт. Ар бир оюн абсурдка жеткирет. Врачтан ден соолугу  чың экендиги жөнүндө маалым кат алып келишин талап кылат, же диктофонго аялдын макулдугун бергенди жаздырат. Мындай келесоого эч ким жологусу келбейт. Ошондуктан түгөйүн көпкө издейт. Кээде өмүр боюу таппайт.

9. Жана "башкалар"

Жалгыз болгон эркектердин арасында гейлер да болушу мүмкүн. Статистикага ишенсек алар биздин арабызда эле жашайт. Ит жетелеген жакшынакай бала гей эмес деп ким кепилдик берет, сурай да албайсың.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.