Жакырчылыкка сүйрөгөн 13 зыяндуу адат. Өзүңүздү текшерип көрүңүз!

Билесизби кандай адаттар жакырчылыкка алып келээрин. Өзүңүздү текшерип мындай жүрүм турумдан баш тартыңыз. Ошондо гана үйүңүзгө байлык келет. Кедейлик бул акчанын жоктугу эмес, адамда терс адаттардын болуусу.                        

Эгерде адам бул адаттарын түп орду менен жок кылбаса анда байлык да жашоосунда такыр болбойт.

Бул макалада белгилүү инсан өстүрүү боюнча машыктыруучу Евгений Дейнеко талантуу адамдар кедейлердин адаттарын кайталап жүрүп өздөрү кедейге айланганы жөнүндө айтып берет.

12 жыл психологиялык практика кедейлерге тийиштүү бир канча адатты таап чыкканга жардам берди. Кедейлер кайра кайра кылганын байкап турган кандай кызыктуу. Андан да кызыктуусу талантуу эле адамдар бул адаттарды кайталап кедейге айланганы. Силер менен байкоолоруду бөлүшөм.

1-адат. Кедейлер дайым күнөөлүүнү издешет

Кедей адам жоопкерчиликти өзүнө такыр албайт. Өзүнүн жеңилгендеги каталарын кесиптешинен, башчысынан, системадан көрөт. "Булар болбогондо ийгиликтүү болмокмун", "Мен эч нерсе кыла албайм, мага баары жолтоо болот",-деп ойлойт.

2-адат. Убакытты чоюу

Кичине кезибизден эле мээбизге "жети өлчөп бир кес" деп куя баштайт. Ойлонуп, өлчөп жүрө бересиңер, анан тыңыраак бирөө чыгып кесип кетет. Идеяларды мээде сактап жүрө бербей аракет кылган, биринчи кадам таштагандан коркпогон адам жеңет. Кедей убакытты чоюп жүрө берет да, ийгиликсиздигин кайра эле башка бирөөдөн көрөт.

3-адат. Жаңылышсыз аракет кылуу

Кедейлер тобокелге барбайт. Көп эмес болсо да, туруктуу кирешесин күтүшөт. Жыйынтыгында, айлыктан айлыка чейин эптеп жеткирип жашашат.

4-адат. Бекер окуу

Типтүү кедейдин өкүлү бекер курс, семинардын баарына жазылган. Кээ бирөө эмне жөнүндө экенин да билбейт. Окуп жатам деп жашайт, чынына келгенде эч кандай өнүгүү жок. Бекер сыр кайда болоору белгилүү. Ийгиликтүү ишкер болуш үчүн устат менен жекеме жеке сүйлөшүп, коюлган максатка түз барыш керек. Тренингдин баасы келечектеги ийгилик гана эмес, мотивация да болот.

5-адат. Башка адамдын эмгегин жеген

Кедей башка адамдын эсебинен жашаганды жакшы көрөт. Музыка, тренинг, кинону торренттен көчүрөт. Жашоодогу философиясы акылуу кыңматтарды, товарларды бекер табуу. Кедейлердин кедейлер үчүн түзгөн сервистери жашоону жеңилдетет. Бирөөнүн эмгегин көчүрүү уурулук. Интеллектуалдык менчиктм урдоо ар дайым жакырчылыкта жашоого алып келет.

6-адат. Өзүн аёо

Көбүнчө адамдар көйгөйүнүн өзөгүн айланасынан издешет, географиялык абал, кедей үй бүлөдө төрөлгөн, билими жок, башка өлкөдө жашайт. Өзүн аяганга ондогон белги таап алат. Айоо акча алып келбейт.

7-адат. Ыйлактап даттануу

Акча жок болгон терс эмоцияларды алып келет. Кедейге караганда байларча ойлонгон ийгиликсиздикти максатка жетүүнүн дагы бир тепкичи катары көрөт. Тагдырына таарынып кайгырат. Бироолорго айтып даттангың келет, бирок анда чөнтөгүңө акча түшпөйт.

8-адат. Башка адамдар эмне дейт

Ийгиликтүү адамдар айланадагылардын оюна көз карандысыз болгон өзүнүн индивидуалдуулугун баалашат. Кедейлер тескерисинче убактысынын жана күчүнүн көбүн башка элдин алдында абийирин сактап турганга коротушат. Өзгөчө күчтүү жана ийгиликтүүлөрдүн алдында. Анан салыштырып алып кайра эле наалып асан кайгы болуп башташат.

9-адат. Убакытты текке кетирүү

Кедей адамдын финансылык стратегиясы жок. Максаты: иштеп таап, коротуу. Бай зорго иштеп тапкан акчасын капитал кылат. "Акчам жок болсо эмнени чогултайын"-деп жаңылыш ойлошот. Келечегин ойлобогон үчүн акчасы жок. Байларда акча көп иштеп тапканы үчүн эмес, кирешесин туура колдонгонду үйрөнгөнү үчүн көп.                       

10-адат. Дароо келчү пайданы издөө

Кедейлер жаңы нерсени үйрөнгөнгө аракет кылбайт, келечек үчүн иштебейт, азыр иштеп тапкылары келет. Керектөөчүнүн айкын мисалы. Аз күч жумшап көп нерсе алгысы келет. Жазында экчү картошкасын кышында жеп салган чала дыйканга окшош.

11-адат. Жакпаган нерсени кылуу

Эмне үчүн жакпаган жумушуна барып жатканына кедей 10 күнөөлү, 100 шылтоо, 1000 себеп табат. Жума күндү күтөт, башчысын сөгөт, баары бир дүйшөмбү жумушка жөнөйт. Жумушуна алмаштырганга эрдик жетпейт. Эч нерсе өзгөртпөй жылдар боюу жашап жүрө берет.

12-адат. Убакытты текке кетирүү

Кедей убактымды кантип өлтүрөм деп ойлонот. Мындай ойду өзгөртүп, убактымды кантип максималдуу пайдалуу өткөрөм деп ойлонуш керек. Жыйынтыгында ким эмнеге умтулса ошону алат, кедей убактысын жана жашоосун өлтүрөт, бай пайдалуу өткөрүп байлык топтойт.

13-адат. Башка бирөөнүн жашоосу менен жашоо

Кедейлердин эң башкы катасы башка бирөөнүн жашоосун өзүнүкү катары кабыл алышы. Көптөгөн сериалдар, көркөм китептер, жылдыздардын тарыхы шыкайт. Башка адамдын окуяларына ыракаттанып кедейлер иллюзияда жана кумирлеринин ийгилигинин көлөкөсүндө жашашат. Күмөн санагандын жана корккондун кесепетинен жаңы жашоону баштап тагдырын кургандан коркушат.

Балким жогоркулардан өзүңүздү таптыңыз, бирок, кейибеңиз. Өзүңүздөн эмнени өзгөрткөнгө боло турганын билгенге жардам катары, кыймылдаганга мотивация катары колдонуңуз.

Ийгиликтер!

Досторуңуз менен бөлүшкөндү унутпаңыз.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.