Жакынкы 10 жылда жок болуп кетүү коркунучунда турган 5 адистик

Адамзаты жаңы технологиялардын өнүгүүсүнөн баш тарта албай калды, анткени алар жашоону жеңилдетип, ооруларды айыктырып жана планетанын жаратылышын сактаганга жардам берип келет. Бирок, инновациянын баары эле адамдарга жага бербейт, себеби, кээ бир адамдар жумушунан айрылып калуу коркунучунда турат.

Бүгүн, Оксфорд университетинин окумуштууларынын ою боюнча, жакынкы 10 жылда жок болуп кетүүчү адистиктер тууралуу айтып беребиз.

 

ТАКСИ ДИСПЕТЧЕРИ

Эстеп көрсөңүз, акыркы жолу такси кызматына качан телефон чалгансыз. Бүгүнкү күндө такси кызматы автоматташкан: жол жүрүү акысы, машинаны тандоо, машинаны чакыруу убагы, бардыгы интернет жана атайын тиркемелер аркылуу жүрүп калды. Ошондуктан, мурда бардык деталдарды тактап турчу такси диспетчерлери жумушсуз калышы толук мүмкүн.

 

КАССИР

Американын чоң супермаркеттеринде өзүн өзү тейлөөчү кассаларды орнотууну толук кандуу ишке ашыра башташта. Башы башталган - Жакында эле Сиэтлде Amazon кассы жана кассири жок дүкөн ачты. Анда атайын түзмөктөр адамдын текчеден эмне алып жатканын карап турат жана дүкөндөн чыгып жатканда автоматтык түрдө кардардын кредиттик картасынан керектүү сумма алынып калынат.

 

ПОЧТАЛЬОН

Бүгүн, дүйнөдө электрондук почта жана мессенджерлер дүңгүрөп тарап жаткан маалда, адаттагы почта бюрократиялык кагаздарды ташуу менен гана алек болуп же чет өлкөдөгү эс алуудан көз ирмем катары ачык каттарды ташып калды. Ошондуктан почтальен кызматкерине перспектива жок, жана болбойт дагы.

 

АВТОБУСТУН АЙДООЧУСУ

Окумуштуулар, автобус жана маршрутка айдоочусунун адистиги жакында жок болот деп олуттуу түрдө айтышууда. Мисалы Tesla автомобилдеринин кийинки муундары атайын бөлүнгөн тилкелерде айдоочусуз жүрө алышат. Бирок, чынында, кыргызстандын маршрутка айдоочулары кабатырланбай эле койсо болот - технологиялар Кыргызстанга жетип, бул кесиптерди жок кылганча 10 жыл эмес, алда канча көп убакыт керектелет.

 

БАНК КЫЗМАТКЕРИ

Жакында, окумуштуулардын ою боюнча, банк кызматкерлеринин кошумча жардамы кардарларга керектелбей деле калат. Анткени, кредитти тариздөө же эсеп-счетту төлөө үчүн электрондук сервистер жетиштүү болуп калат.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.