Жакшы сөз жакшы иш жасаганга жардам берет

Редакциябыз топтогон улуу адамдардын айткан накыл кептери көңүлүбүздү эргитип, кыялдагы ой-максаттарыбызга жетүүгө үндөйт. Дүйнөнү дүңгүрөткөн генийлердин жашоосу ким көп иштесе көп нерсеге жетишип, ийгиликти багындыраарын айгинелеп турат.

 

 

- Көңүлүң сүйгөн  ишти жаса, ошондо сен ар бир жумага дагы беш күндү кошкон болосуң. Джексон Браун
- Майда ишти  майда дебей майын чыгара жасасаң, чоң иш жасаганга тете болот. Андре Моруа
- Кандай гана  жумуш болбосун сен аны  чын жүрөгүң менен берилип жасамайынча кыйындай көрүнөт. Жумушка чын дилиң менен берилип кеткенде иш жеңил  сезилип калат. Максим Горький
-
Гениалдуулук көз ирмемдик гана мүмкүнчүлүк. Катуу мээнет  менен  күчтүү эрк гениалдуулуктун  атагын чыгарат. Альберт Камю
 

- Иш – бул жашоодогу башкы нерсе. Бардык кайгы, жамандыктан иштегенде арыласың. Эрнест Хемингуэй
- Кандай адам болбосун маңдай тери акканча иштеши керек, эмгек анын жашоосунун маңызы, бактысы, кубанычы болууга тийиш.
- Биз сүйүп иштеген жумуш илдетибизге дабаа болот. Уильям Шекспир
- Жумуштагы башкы каарман материал эмес, башкы каарман ишти сүйгөн устат. Максим Горький
- Жөнөкөй адамдар убакытты кантип өткөрөөрүн ойлойт, таланттуу адам аны пайдаланууга аракеттенет. Артур Шопенгауэр

- Жумуштун эң оор бөлүгү - ага киришүү. Габриэль Лауб
- Максатыңды тактасаң аны ишке ашырууга каражатты да табасың. Махатма Ганди
-
Бүтүндүктү бөлүк-бөлүк кылып ээлейсиң. Сенека
- Ишке киришпе, киришсең аягына чейин чыгар. Овидий

Накыл кептер  толкундатып, жакшы иштерди жасоого түрткү болдубу?
Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа!

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.