Бул кичинекей сүйкүмдүү жандыктарды карап, жаңылып жатасыңар деп ойлошуңар мүмкүн. Кантип негативдүү ойго жетелейт деп ойлошуңуз мүмкүн. Бирок, ички сезим оңой эмес, жыйынтык чыгарганга шашылбаңыз.
Дагы эле ишенбей турасызбы? Текшерип көрөлүбү? Жогорудагы сүрөттөн сизди өзүнө тарткан бир күчүктү тандасаңыз. Жаккан, корккон, кызыктырган. Башкысы көңүлүңүздү бурган. Ал эми биз жүрөгүңүздүн түпкүрүндө эмнеден коркосуз айтып беребиз.
Жалгыз болуудан коркосуз, аалам чоочун жана коркунучтуу, сизге сөзсуз коргогонго, жардам бергенге, колдогонго бирөө керек.
Сиз өлүмдөн коркосуз, себеби андан ары эмне күтүп турганын билбейсиз. Ошондой эле жакын адамдарыңызды экинчи көрбөй калуудан коркосуз.
Асман тиреген бийик имараттын терезесин жууп жаткандарды көргөндө коркосуз, бийиктиктин четинде турганда жүрөгүңүз оозуңузга тыгылат. Жок! Жер, жер.
Сизге карата айтылган сынга сезимтал келип, сиз жөнүндө терс пикир калтыруудан коркосуз. Буга көбүнчө негиз деле жок.
Кичине кезиңизден эле кеч киргенде коркуп баштайсыз. Фантазия укмуш өрчүгөн. Мистикага да ишенесиз.
Балдардын жанында өзүңүз да түшүндүрүп бере албаган сезимдерге кабыласыз. Тынчсызданып, ыңгайсыз сезесиз. Кээде өз балаңыздын жанында дагы.
Сизди түшүнгөнгө болот, баары эле жоопкерчилик ала бербейт. Сизге бир жаңы иш тапшырганда көпкө шектенип, өзүңүздү жете баалабайсыз. Ошондуктан көбүнчө аягында кыласыз.
Албетте, бакыттан эмес, бакыт бүтүп калат деп коркосуз. Өзүңүздүн жашоону өзүңүз уулантасыз.
Сизди эстеп жүрүшү үчүн маанилүү бир нерсе жасап кетүү сиз үчүн маанилүү. Ошондуктан алдыга койгон максаттарыңызга жетесиз. Бирок, бир дагы жетишкендигиңиз жетишпегендей сезилет.
"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.