Ысык чай ичүү сунушталбайт! Бул рак коркунучун жогорулатат

Чайдын өзү сонун суусундук, ал кээ бир учурларда тонуска келтирип, организмди тазалап жана ал тургай кээ бир оорулардан айыктыра алат.

Бирок ичээрдин алдында анын температурасына көңүл буруш керек. Айрыкча, сиз ысык чайдын күйөрманы болсоңуз же ушул жол менен жылынууга аракет кылсаңыз.

 

 

Америкалык Онкология оорулары Коомунун адистери ысык чайдын кызыл өңгөчкө тийгизген таасирин изилдоо үчүн 40 жаштан 75 жашка чейинки 50 миң ирандыкты адамдарды көзөмөлдөп чыгышты. Алардын тыянактары, эгерде сиз күнүнө эки чоң чөйчөк (болжол менен 700 мл) чайды температурасы 60 градуска жакын же андан жогору ичсеңиз, кызыл өңгөчтүн рак оорусунун пайда болуу коркунучу 90%га жогорулайт деп болжолдошту.

Эгерде сиз сүт кошсоңуз же чайды бир аз муздатсаңыз, анда рак оорусунун пайда болуу ыктымалдыгы төмөндөйт. Бул чайга гана тиешелүүбү же мындай температурадагы бардык суусундуктарга тиешелүүбү, изилдөөдө такталган эмес. Түштүк Американын, Азиянын жана Африканын кээ бир аймактарында адамдар  ысык суусундуктарды ичишет.

Кызыл өңгөч рагы – тамак сиңирүү системасынын оозду ашказан менен байланыштырган бөлүгүнүн рагы. Көбүнчө рак бул органга таасир этет. Тамак-ашты жутуу кыйынчылыгы жана билинбей салмак жоготуу негизги симптомдор болуп саналат.

Суу суусундуктун маанилүү компоненти болгондуктан, ысытуу температурасына көңүл буруу керек: ак жана көк чайлар үчүн 75-85 градус, кара жана чөп чайлар үчүн - 97-100 градус. Чай демдегенден кийин сөзсүз түрдө муздатып алыңыз. Бул асыл суусундуктун чыныгы даамынан ырахат алуунун негизги жолу!

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.