Болгон жашоосу ЖУМУШ болуп калган япондор кантип эс алышат?

Япония жөнүндө, сакура, робот жана эмгекчилдердин өлкөсү жөнүндө тынбай сөз кылса болот. Экономикалык өсүш жагынан үчүнчү орун, технологиянын өзгөчө өнүгүшү менен кошо өзүн өзү өлтүргөндөр жагынан Япония “лидер” болуп келет. Эмнеге?

Биринчи себеби, эмгекчилдик менен профессионалдыктан сырткары, жалгыздык дагы эсептелет.

Anan.kg японияда бул көйгөйдү кантип чечип жатканын билди.

 

Кыздын ордуна силикон куурчактар

 

Силикон куурчакты көбүнчө мамиледен көңүлү калган же сүйгөнүн таппаган эркектер тандайт. “Мындай кыз акча жана белек талап кылбайт, кызганбайт жана чыр салбайт”, – дешет япондор

Ижарага үй жаныбарлар

10 жылдан бери ижарага үй жаныбарларын алуу Японияда эң көп суроо-талабы бар кызматка айланды. Бул сервистин популярдуулугун түшүндүрүү жөнөкөй: кичине квартираларда (болжол менен 60 кв.м) жаныбар кармаганга дайым эле мүмкүнчүлүк боло бербейт, анан дагы, убактыларынын тардыгынан, аны караганга деле убакыт болбойт.

Акчага кучакташып отуруп сүйлөшүү

“Эң чоң жыргалчылык – адамдардын сүйлөшүүсү”, – деген, Антуан де Сент-Экзюпери. Японияда бул жыргалчылык үчүн чоң акча төлөнөт. Көп убактан бери «эндзё-косай» (яп. 援助交際 — төлөнгөн жолугушуу) популярдуулуктун чокусунда болуп келет – бул кызматтын өзгөчөлүгү: орто жаштагы же улгайган эркектер, жаш кыздар менен убактысын өткөрүү үчүн алардын убактысын акчага же белекке сатып алат.

Виртуалдык дос-кыздар

Япониянын технологиялары адамдарга виртуалдык дүйнөнүн каармандары менен достошууга мүмкүндүк берет.

Мындай “дос-кыздарды” жолугушууга чакырат, белек алып берет, кээ бирлери атайын жайларда үйлөнүшөт: виртуалдык чындыктагы молдо, күбө жана башка атрибутикалардын катышуусунда.

Канзаада издеген хост-клубдар

 

Японияда, жаш жигиттер менен сүйлөшүп отуруу максатында, кыздар үчүн да атайын мекемелер бар. Бул сүйкүмдүү жигиттер тандаган айымына кам көрүп, алардын сөздөрүн кубаттап, шарап куюп жана комплименттерди жаадырып турушат.

Жалгыз кыздар өздөрүн кызыктуу жана сүйкүмдүү сезиш үчүн мындай клубдарга барып турушат. Ал эми кээ бир турмушка чыккан айымдар мындай жол менен үй-бүлөлүк ызы-чуудан качышат.

Үй-бүлө ижарага

Үйлөнбөгөн жалгыз япондор ижарага аялды балдары менен кошо алышат, бирок көбү мындай “бүлөсү” жумуштан тосуп алышын эле каалап тим болбойт. “Үй-бүлөнү” дем алыш күндөргө, “балдары” менен паркта сейилдегенге жана “аялы” менен дүкөн кыдырганга заказ кылышат. Бул кызмат арзан эмес (сааты 700$дан өйдө), бирок каалоочулардын саны күндөн күнгө арбып келет.

Тематикалык номерлүү отелдер

Япония кичине өлкө, ошондуктан квартиралар тар жана кымбат. Жаш жубайларга эмне кылса болот? “Рабу хотеру” – сүйүү отелдери мыкты болот.

Мындай отелдер өз үйлөрү жок жаш жубайлар үчүн бир нече саат убакыт өткөргөнгө кызмат көрсөтөт. Бул жерде бардык фантазияларын ишке ашырса болот.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.