Япония өлкөсүнүн кызыктары

Ар бир өлкөнүн өзүнө тиешелүү каада-салты жана таң калыштуу бири-бирине окшобогон өзгөчөлүктөрү болот эмеспи. Дүйнөдөгү көптөгөн мамлекеттердин ичинен өнүгүп, алда канча жетишип келе жаткан Япония өлкөсүнүн кызыктары.

 

 

Япониянын эли, сыртынан кичинекей көрүнгөнү менен күчтүү жана жөндөмдүү келишет.
Спирт ичимдиктерин ичкенди жактырышпайт. Ырдаганга жана сүрөт тартканга кызыгышат.
Япониялыктардын тили татаал болгондуктан, алардын тилин үйрөнгөн адамдарды урматтап, сыйлашат.
Башка өлкөнүн адамдары япончо саламдашып жатканын көрсө, япониянын эли үчүн чоң сыймык.
Урушуп жатканда, жаман сөздөр менен урушушпайт, жөн гана үнүн жоон кылып эмоция менен билдиришет.
Уурулук кылган адамды катуу жазалашат.
Эгерде метрого же башка жерге буюмдарын унутуп калган болсо, кайра барып алууга болот.
Бут кийимди чечкенден кийин кайра кеткенге даярдап, көчө жакты каратып эшиктин оозуна коюш керек. Эгерде муну кылышпаса уят деп эсептелинет. Шамдагай келгендиктен, алар бут кийим чечкен жана кийген жагынан алдына эч кимди чыгарбайт.
Япониянын айымдарынын көбү хоккей жана футболдун фанаттары.
Балдары чачын өстүрүп, боёп жүрүшөт.
"Рахмат"- дегендин ордуна жөн гана баш ийкейт.
Элинин көптүгүнөн, жеринин аздыгынан, үйлөрдүн көпчүлүгү суук, жашаганга ыңгайсыз.
Японияда жазуунун үч түрү бар. Биринчиси Хираган, экинчиси Катакана, үчүнчүсү Кандзи.
Машинаны 120 км ылдамдыкта айдашса да айып төлөшпөйт. Анткени алардын мыйзамында буга уруксат берилген.
Япониянын сыналгыларында көбүнчө тамак-аштарды көп көрсөтөт. Анткени алар аябай тамак-ашка жакын келген калк болот.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.