Япондордун сырлары: күндө 1 эле көнүгүү жасоо менен курсагыңызды кетиресиз

Эң таасирдүү жана пайдалуу, дүйнөдөгү көпчүлүк фитнес-тренерлер сунуштаган көнүгүүлөрдүн бири – “Сегиздик” көнүгүүсү.

 

 

 

Залдарда бул көнүгүүнү жасаш үчүн гимнастикалык таякты колдонушат, бирок үй шартында сүлгү колдонууну сунуштайбыз.  

1. Буттарыңызды ийиндин деңгээлинде жайыңыз. Сүлгүнү эки башынан кармаңыз. Сүлгүнү чоюлган абалда колдоруңузду алдыга сунуңуз, колдорду оң жакка буруңуз, анан, жарым айлана сызгандай кылып, башыңыздан жогору айланта, сүлгүнү сол жакка өткөрүңүз.

2. Колдордун абалын өзгөртүп (сүрөттөгүдөй), эңкейип жарым айлананы сызып кайра оң жакка өткөрүңүз.

3. Кыймылдын бардыгы сиз сегизди тартып жаткандай болуш керек. Маанилүүсү: буттар колдон келишинче кыймылсыз болушун көзөмөлдөңүз, жана жамбашты көп кыймылдатпаңыз.

Төмөндө видеосу:

Бул көнүгүүлөрдүн жардамы менен курсактын жана белдин булчуңдарын чыңайсыз, ошондой эле колдун булчуңдары да чыңалат. Видеодо сегиздикти бир күндө 10 жолу “тартуу” жетиштүү деп айтылат. Белгилей кетүүчү нерсе, жыйынтык 2 жумадан кийин эле көрүнө баштайт.