Япондордун бул тестин күйөөм экөөбүз өтпөй калдык, кызым 5 мүнөттө өтүп койду

Бул акыл-эс жана мээнин картайышын текшерүүчү тест деп айтылат. Мен муну кунт коюу үчүн сыноо деп ойлойм. Бирок, балким, бул жерде көңүл коюу эмес, тааныш нерсени бир нече саптан көрүп, аны мүмкүн болгон варианттар менен корреляциялоо маанилүү.

 

 

Инструкция төмөнкүдөй: сүрөттө өрдөк, көпөлөк жана жарганат бар.

 

Эгер сиз алардын бирин тапсаңыз, анда тынчсызданууга убакыт келди, деменцияга (акыл-эстин чарчашы) аз эле убакыт калды.

Эгер экөөнү тапсаңыз анча жаман эмес.

Эгер үчөөнү тең тапсаңыз - анда кабатырланып кереги жок.

Эгерде эч бирин таппасаңыз - эмне дейбиз, атыңзды кагазга жазып алып чөнтөгүңүзгө салып жүрүңүз.

Ачык айтайын, кызым 5 мүнөттө үчөөнү тең тапты. Күйөөм экөөбүз салыштырмалуу тездикте экөөнү, бирок үчүнчүсүн табууга 20-30 мүнөттөй кетирип кыйналдык. Анын үстүнө мен жарганатты, күйөөм өрдөктү таба алган жок.

Негизи тамашадай, сүрөттө алар жоктой көрүнөт. Бирок алар чындыгында бар))

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.