Япон аялдарынын арасында семиз аялдар дээрлик жолукпайт, себеби алар төмөнкү 7 эрежени сакташат.

Чындыгында Японияда толук аял чанда кезигет. Биринчиден бул япон улуттук тамак ашынын өзгөчөлүгү менен шартталат. Алардын күнүмдүк, ал эле эмес майрамдык азыгында да оор, ден соолукка зыян тамак жок. Тамак аштын негизин балык жана деңиз азыгы, андан сырткары күрүч, жашылча-жемиш, чайдын түрү түзөт. Японияга бат-баттан барып жүргөндөр, ал жакта жүргөндө тез арыктап, кайра кайтканда бажы көзөмөлүн өткөндө таанылбай көйгөй жаралаарын айтып жүрүшөт.

Тышкы келбетке да чоң таасир тийгизген азык - балык эсептелет. Ал организмди омега-3 кислотасы менен камсыздап, мээнин иштешин, алмашуу процессин, терини жакшыртат.

 

 

1. Алардын тамак жасоо ыкмалары тамактын ашказанда өздөштүрүлүшүн жеңилдетет

Япондордун тамак жасоо ыкмасы демдөө, кактоо, бууга бышыруу, атайын көмөштанда өтө аз май менен кууруу. Көбүнчө, сууга бышырылган жашылча – негизги тамагы. Мунун баары тамакты жеңил кылып, ашказанга, боорго, бөйрөккө күч келтирбейт. Тамакты ченеп ичишет.

2. Жаңы даярдалган тамак гана

Япондор алдын ала даярдабай, жаңы жасалган менен тамактанышат. Көбүнчө тамагынын жарамдуу мөөнөтү бир канча саат эле.

3. Тамактануу маданияты

Чай жөрөлгөсү жөнүндө баары эле уккан. Япондордун тамактануусу да салттуу кыймыл аракеттерди элестетет, жай, майда кесектер менен, порциясы да, идиштери да кичине. Ашпозчулар тамакты даярдоодо кооздобой, азыктын табигый даамын да, келбетин да сактаганга аракет кылышат. Эки тамакты бир табака салышпайт, ар кайсы тамак үчүн өзүнчө табак колдонушат. Табака толтура салышпайт. Ошондуктан ашыкча жеп алуу мүмкүн эмес.

 
4. Нан ордуна күрүч

Ар бир тамактанууда өзгөчө бышырылган күрүчтү жешет. Камыр тамактын аз болушу арык жүргөнгө жакшы шарт болот.

5. Эртең мененки тамакты көп жешет

Япондор үчүн негизги тамактануу эртең мененкиси, бир канча тамактан турат. Негизинен балык, күрүч, омлет, мисо шорпо, соя көк чөп менен, балыр, чай.

 
6. Таттуусуз

Япондор таттуу жебейт, жесе да өтө аз жейт. Пайдалуу салт.

7. Сөзсүз физикалык көнүгүүлөр

Япон эли күндө гимнастика же күрөш менен машыгышат. Физикалык активдүүлүк популярдуу. Велосипед менен көп жүрүп, автомобилди аз колдонушат. Биз да үйрөнсөк болчудай.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.